Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчылыгына Эркинбек Сатаров дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Жумадилла Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматта Нурсултан Жолочу уулу иштеп келген. Ал кызматтык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берген.
Ал эми Э.Сатаров буга чейин кадрлардын резервдик каттоосунда турган.
Өмүр баянын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.