Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Койгелдиев Мирлан Радикович дайындалды.
Мирлан Койгелдиев 1982-жылы 20-сентябрда Балыкчы шаарында туулган. Ал буга чейин социалдык кызматкер, жетектөөчү адис, салыкчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.
Буга чейинки айыл өкмөт башчысы Кыдыралиева Майрамкүл Асыпбековна прокуратуранын сунушунун негизинде 16-мартта кызматтан алынды. Ал бул кызматка ушул жылы февраль айынын башында дайындалган болчу.