Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Алыбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу жердештери билдирди.
Маалым болгондой, ал 22-март күнү күтүүсүз жерден жүрөк оорусунан каза болгон. Бүгүн, 24-мартта жерге берилди.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатында жергиликтүү бийликтин катышуусунда эскерүү митинги өттү.
Рахат Алыбаев 2013-2017-жылдары Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2021-жылы айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен кайрадан айыл өкмөт башчылыкка шайланган.
Толук маалыматты катталуу менен окуй аласыз.