Turmush — Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бактыбек Сапаралиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 7-мартта аким Жамшит Матанбаев кол койду.
Баш-Кууганды айылдык кеңешинин депутаттары Сапаралиев Бактыбек Нурдинович дайындалгандан бери жамаат менен тааныша электигин билдиришти.
Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жамшит Матанбаевдин айтымында, аталган айыл өкмөт башчылыгына 5 талапкер болгон. Алардын дээрлиги мурда айыл өкмөт башчысы болуп иштегендер. 5 адамдын ичинен 2 жаш кадр айыл өкмөт башчы болуудан баш тартышкан. Ал эми муниципалдык кадрлар резервине кирген Б.Сапаралиевдин талапкерлиги жактырылган соң буйрук чыккан.
Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.