Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2021-жылдын декабрь айынан бери жаңы имарат курулуп баштаган. Имаратты куруу иштерине каражат окуу жайдын өз эсебинен жумшалып, заманбап 5 кабаттуу корпус салынууда.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда имараттын жертөлө бөлүгүнө колонналар тургузулуп, аларга бетон куюу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери максималдуу тез убакытта жүрүп, 2 жылга пландалган убактысынан да эрте бүтүүсү күтүлүүдө.
Университеттин чарба иштери боюнча проректору Сталбек Сейдалиев: «Окуу жайга тапшырган студенттердин саны арткандыктан окуу кааналар жетишпей, жаңы имарат курууга муктаждык жаралды. Бул имарат эл аралык стандарттын талаптарына ылайык заманбап үлгүдө, жаңы шарттар менен курулуп жатат. Планга ылайык жаңы корпус 2023-жылга курулуп бүтүүсү маалымдалган. Бирок бүгүнкү күндө куруу иштери ыкчам жүргөндүктөн имараттын ишке берилүү күнү жакындап жатат», - деди.
Имараттын жалпы аянты 36*21 чарчы метрди түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600 чарчы метрди түзөт. Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, жыйындар залы, ашкана, аудиторияларды камтыйт.
Окуу корпусунун жалпы сметалык каражаты алгач «ОсОО Перспект-Проект» ишканасы тарабынан эсептелип, 154 123 580 сомду түзгөн. Кыргызстандын мыйзамадарына ылайык, сатып алуулар сынагына жарыя берилип, «Юг-Стройсервис» ишканасы 120 063 403 сом каражаты менен тендерди жеңип алган.