Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылынын тургуну Гүлзат Түнгатарова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1981-жылы 30-июнда Бишкек шаарында төрөлүп, Ысык-Көл жергесинде чоңойгом. Билимим орто. Азыркы тапта тигүүчүлүк менен алектенем. Турмуш жолуна 21 жашымда аттандым. Жолдошум жакын курбумдун байкеси болгон. Курбумдун үйүнө барганда, мени бир көрүп сүйүп калган. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп калганыбызга 1 ай болгондо, «Мага тиесиңби?» деп эле кесе айткан.
Жолдошум Таалайбек Кебекбаев. Билими орто. Учурда куруучу болуп эмгектенүүдө. 1978-жылы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келип, ошол эле айылда өскөн. Өзү балдарыма эң мыкты ата. Боорукер, кечи пейил, балага катуу сүйлөбөгөн жан», - деди ал.
Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги эсте калган окуялары менен бөлүштү.
«Мен кашымды дайыма боёп жүрөр элем. Үйлөнгөн күндүн эртеси көшөгөнүн артында жылбай отурам. Боёноюн десем, косметика каражаттарым жок. Анан жолдошумду чакырып, "Мага жок дегенде, карандаш таап сатып кел" деп айттым. Жолдошум макул болуп, дүкөндү көздөй жөнөп кеткен. Көп өтпөй мага окуучулар колдонуучу жөнөкөй карандашты көтөрүп келиптир. Ошол жерде токтоно албай күлгөнүм, бүгүнкү күнгө чейин эсимде калыптыр.
Анан баарына белгилүү болгондой, бизде Ысык-Көл жергесинде келиндер көп жүгүнүшөт. Алгач үйгө келген коноктордун баарына жүгүнүп жүрдүм. Анан кийим-кечемди жеткирип келген байкем менен жеңеме да жүгүнүп алып, күлкүгө калганым эсимде», - деди ал.
Г.Түнгатарова келечекке койгон ой-максаттарын айтып берди.
«Кудайга шүгүр, учурда 4 эркек балам бар. Улуу балам 17 жашка чыкты. Буюрса, келечекте мыкты ырчылардын катарын толуктайт деген үмүтүбүз бар. 6 жашынан тарта музыкалык окуу жайда билим алып келет. Экинчи уулум 15 жашта, үчүнчү уулум 12 жашта, төртүнчү уулум 6 жашта. Атасы экөөбүз кыздуу болууну аябай самап келебиз.
Бош убактымда түрдүү курактарды курайм. Көптөгөн китептерди окуйм. Балдарымды да, китеп окууга үндөп келем. Менин негизги максаттарымдын бири — уулдарыма туура тарбия берип, эли-жерине кереги тийген инсан кылып чыгаруу», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.