Turmush — Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Майрамбек Тагаев 2021-жылдын август айынан бери сөөлжан өстүрүүдө. Алгач ал 20 килограмм сөөлжан сатып алып, биогумус өндүрө баштаганын аймактык кабарчыга билдирди.
«Болжолдуу 1-1,5 тонна биогумус чыгардым. Жакын арада биогумусту бөлүп алып, дыйканчылыкка жер семирткич катары пайдаланам», - деди ал.
Ошондой эле шарты катаал, кышы 6 айга созулган аймакта кантип сөөлжан өстүрсө болорун айтып берди.
«Чоң-Алай районунда -35 градуска чейин суук болот. Ушундан улам сөөлжанды тоңуп калат деп кооптонуп, биздин аймакта эч ким өстүргөн эмес. Көрсө, бакса болот экен. Мындан ары бул сөөлжандарды көбөйтүүнү көздөп жүрөм. Кышында бөлмө -5...-6 градус суук болду. Үстүн чөп менен жаап, жылуулап турдум. Эми 10-15 күндө биогумусту бөлүп алып, картошка, алма, карагат, сарымсакка салып пайдаланам», - деди ал.
Биогумус чыгарган сөөлжандар шише, таш, темир жана целлофанды жебейт. Көбүнчө тамак-аш калдыктары менен тамактанат.
«Алгач аз гана кыкка 20 кг сөөлжан таштадым. Убакыт өткөн сайын сөөлжандар кыктын астында чыгып калганда, дагы кык таштап коём. Ошентип отуруп, сөөлжандарым да, биогумус да көбөйдү. Кыктан сырткары картошканын калдыгын жана башка тамак-аш калдыктарын таштап коем. Арадан убакыт өткөн сайын сөөлжандар кыктардагы зыяндуу заттарды жеп, пайдалуулугу гана калат. Ал убакта алар жеген калдыкты бөлүп аласың дагы, жаңы кык таштайсың», - деди ал.
Биогумус — бул сөөлжандан чыккан кык. Ал табигый жер семирткич болуп эсептелет.