Turmush — Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Маматаев Эркинбек Садирбекович дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
- Тийешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бүгүн, 4-мартта облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жаңы дайындалган Эркинбек Маматаевди ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлерине жана облустук мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырды. Облус өкүлү дайындалган жетекчини куттуктап, Жалал-Абад облусу өлкөдөгү ири аймактардын бири экенин, учурда аткарылуучу жумуштар да арбын экенин айтты. Мындан сырткары жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырды.
Эркинбек Маматаев 1972-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында туулган. Ал буга чейин ветеринар, инспектор, жетекчи, айыл өкмөт башчы, аким болуп эмгектенген.
- Буга чейин бул кызмат орунда төрт жылдан ашуун Ырысбек Ызабеков иштеген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.