Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Байгөнчөк айылынын 25 жаштагы тургуну Алтынай Нурбек кызы букет гүл жасап, киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Алтынай Нурбек кызы 1997-жылы 28-май күнү Баетов айылында жарык дүйнөгө келген. Аталган айылдагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебин аяктаган соң, Бишкектеги №41 кесиптик лицейде окуп, ашпозчулук кесибине ээ болгон. Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.
Каарманыбыз гүл жасоо өнөрүн интернеттен үйрөнгөндүгүн айтты.
«Гүл жасап жүргөнүмө 2 жыл болду. Турмушка чыккандан кийин, үйдө балдарым менен бош отуруп калганда интернеттен көрүп, гүл жасап баштадым. Эч ким деле үйрөткөн жок. Гүлдөрдү гофра кагаздарынан жана тасма (лента) менен жасайм.
Бир букет гүлдү жасоого же тактап айтканда гофра кагазы менен жасаганда жарым сааттай убакыт, ал эми лента менен 1 жарым сааттай убакыт кетет. Жеке эле майрамдарда карата эмес, мындай күндөрү деле жасап, үйгө коюп коём. Сатып ала беришет. Буйрутма бергендер болот. Бул гүлдөрдүн баасы 150 сомдон тарта 1500 сомго чейин сатам», - деди Алтынай.