Turmush — Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Болотбек Таиров дайындалды. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.
Маалым болгондой, Болотбек Таиров 1-февралдан тарта иштеп баштады.
Буга чейин билим берүү бөлүмүн Мамашарип Мусаев жетектеп келген. Ал кызматын тапшыргандан бери орду бош турган.
2021-жылы ноябрь айында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Алай районунда мектеп окуучулары үгүт ишине катышкандан кийин билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан кеткенин билдирген.
Ал эми Болотбек Таиров буга чейин Алайдагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы, мугалим, эксперт болуп иштеген. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.
Таиров Болотбек Эркебаевич 1969-жылы 21-сентябрда Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.