Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын тургуну Зайна Бейшекеева меринос тукумундагы ак койлорду багып жатат. Ал учурунда Кыргыз ССРинин Жогору Советине депутат болуп шайланганын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.
Зайна Бейшекеева 1955-жылы жарык дүйнөгө келген. Жети-Өгүз айылдык жана райондук советтерине депутат, 1978-1984-жылдары эки ирет Кыргыз ССРинин Жогору Советине депутат болуп шайланган. Биринчи жолу жумушчу-дыйкан, малчылардын ичинен 1989-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты болгон.
Ал СССР учурундагы окуяны эстеп, буларга токтолду.
«Бала кезде жакшы окуп, мектептеги үлгүлүү окуучулардын катарында болдум. Өзүм мугалим болууну абдан кыялданчу элем. Тилекке каршы мугалим болууга ошол кезде деле тааныш-билиш керек эле. Чабандын кызы окуу жайга колдогон адамы жок өтпөй калган. Намыстанып, баарын жыйыштырып, кой багууга өттүм. Анда мен секелек кыз элем. Тажрыйбам анчейин жок болсо да, аракет кылып, изденип, ак койдун артынан түштүм. Ошентип эмгегимди эл баалап, СССРдин эл депутаты болдум.
Ал кез таптакыр башка убак, 15 мамлекет биригип турган союздун күчү зор эле. Эл аралап көйгөйлөрүн угуп, Кремелде маселелерди көтөрчү элек. Бир жолу СССРдин кызыл паспортуна өзгөртүү киргизилмей болду. Анда улуту деген жерге улуттар жазылбасын деген маселе күн тартибинде каралып, сунуштар айтылды. Трибунага чыгып, мен каршы экенимди билдирип, "канча кылым карытып, улут болуп сакталып келген нерсени эмнеге жокко чыгарасыңар?" дедим. Ошентип кечинде мейманканага кайттым, эртеси эшиктин алдында каттар чубайт. Элдин кайрылуулары да бар, анан эле бир өзгөчө катка көз урунду. Ачып окусам "Тебетейчен аял, колуңду тарт!" деген коркутуу жазылыптыр. Бирок мен оюмдан кайткан жокмун. Эртеси жыйында дагы чыгып, "мени коркутпагыла" дедим. Ойлосом жаш, өткүр кез экен. Ушундай учурлар көп болду, элдин үмүтүн актоого аракет кылып иштедик.
Ошол убакыттан бери ак койдун артынан түшүп, чабан болуп келе жатам. Азыр уяң жүндүү ак койдун жүнү бааланбай, үймөк болуп өтпөй калса да, ак койду жоготпошубуз керек. Кези келип, мамлекет буга да олуттуу көңүл бөлөт деп ишенем. Быйыл төл жакшы, өткөн жылы ургаачы козулар көп болсо, быйыл эркек козулар басымдуулук кылып жатат. Ак кой мажүрөө болот, бирок уузга тойгон соң козулар бат чоңоёт. Мен өмүрүмдү ак кой багууга арнадым», - деди Зайна Бейшекеева.