Turmush — Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылынын тургуну Эршат Усупбаев «Арашан» породасындагы кочкорлорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен жолугуп, иши менен таанышты.
Эршат Усупбаев 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Түргөн айылында туулган. Атасы Токтогул мал чарба кызматкери болгондуктан, иш боюнча Күрмөнтү айылына көчүп келип, мектепти ушул айылдан бүтүргөн. Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кол эмгек, сүрөт, чийүү сабагы боюнча мугалим адистигин алган. 1997-жылы Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылына көчүп келип, дыйканчылык кыла баштаган.
Учурда жер казуучу трактор техникасы бар. 10 гектар айдоо аянтына картошка, арпа, көп жылдык чөп айдайт. Эки жылдан бери «Арашан» кочкорлорун багып келе жатат.
«Азыр Кыргызстан боюнча малдын көптүгүнөн жайлоолордо жайыт тебеленип, малдын туягынан чаң чыгып, такырайып баратат. Кочкордогу мал базарда бир козу 3000-4000 сомго араң сатылат. Кышты кыштай тоют берип багып, өз тоютун актабай калат. Мен эки жылдан бери койдун асылдуулугун жогорулатуу максатында эт, май багытындагы «Арашан» кочкорлорун сатып алып бага баштадым. Быйыл «Павлин» деген кочкорду 150 000 сомго сатып келдим. Бою 1 метр 3 сантиметрди түзөт. Берки биз багып жүргөн койлордон 20-30 килограмм эт ала турган болсок, «Арашан» тукумундагы койлор 50-60 килограмм эт берет. Ошондо эки кой багып убара болгондон көрө, бир «Арашан» тукумундагы кой баккан оң болуп жатпайбы. Мисал кылсак, Чүйдө Рамис деген жигиттин «Шарпей» деген кочкорун казактар 50 миң долларга сураганда сатпай койгон. Тилек деген көлдүк жигиттин короосунан 7000 долларга сатып кетишти. Мен «Арашан» кочкорун 150 000 сомго сатып алдым. Мындан жакшы кочкорлорду алайын десем, кымбат болгондуктан ала алган жокпуз», - деди ал.