Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну Самарбү Кожоналиева тигүү цехин иштетип, түрлүү кийимдерди тигүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Самарбү Кожоналиева 1966-жылы Жерге-Тал айылында туулган. 4 уул, 1 кыздын энеси, 13 небереси бар.
Каарманыбыз бир топ жыл шаар жергесинде тигүү цехин иштетип келгендигин айтты.
«Көп жылдардан бери шаарда тигүү цехин иштетип жүрүп, өткөн жылы айылга келдим. 5-6 жыл мурун долбоор аркылуу бул цех ачылган экен. Буйрутма түшсө иштетилип, буйрутма түшпөгөн учурда бекип турган экен. Анан "бул цехти дайыма иштетели" деп айыл башчысы Ирбис Итикуловго кайрылдым. Ал киши элдик жыйынга салып, жергиликтүү жашоочулардын макулдугу менен мага беришти. Өзүмдөн башка 9 кыз-келин иштейт», - деди Самарбү эже.
Тигүү цехи ачылып, иш жүрүп жатканы менен көйгөйлөр дагы жок эместигин айтты.
«Цех жашаган үйүбүздүн эле бир бөлмөсүндө орун алгандыктан тар болуп, көйгөй жаралууда. Тигилген кийимдерди, кездемелерибизди сактай турчу жайыбыз жок. Тигүүчүлөр бир бөлмөдө кыпчылып отуруп иштеп жатышат. Өзүнчө имарат болсо, сонун болгон турат. Тигүүчү кыз-келиндерге «түшкөн каражаттан бир аздан болсо дагы акча топтойлу, имарат куруу боюнча жергиликтүү бийликке кайрылалы» деп жатам. Колумдан келсе, президентке чейин кайрылгым келип жатат. Ишкерлерге деп арзан насыя, жер чечип беришсе жакшы болмок. Анын үстүнө жылытуу тутуму жок, электр жылыткыч сайып отурабыз. Биринчиден кооптуу болсо, экинчиден электр энергияны аябай жейт экен. Имаратыбыз кеңейсе, кошумча тигүүчү жабдыктарды дагы алып келсек, дагы кошумча жумуш орундары түзүлөт эле. Кийимдерди канчалык көп тигилсе, суроо-талап дагы көп болмок», - деди тигүүчү эже.