Turmush — Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну Таалай Осмоналиев бир жылдан бери сөөлжан өстүрүп келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы байланышып, сөөлжан багуунун сырлары тууралуу маалымат алды.
«Азыркы биз жеп жаткан жер-жемиштердин бардыгы химиялык азыктар менен дарылангандыктан, аны жеген адамдарда ар кандай оорулар көбөйүп, иммунитетибиз алсыз болуп жатат. Андан арылуу үчүн ар бирибиз өзүбүздүн чарбакка өстүргөн жер-жемиштерге табигый жер семирткич себишибиз керек. Мен таза, табигый жер семирткич алуу максатында сөөлжан өстүрүүнү колго алдым. Сөөлжандан алынган биогумустун курамында азот, кальций, фтор, магний сыяктуу өсүмдүктөргө керектүү 38 элемент бар.
Биогумус табигый жол менен алынгандыктан, аны сээп өстүргөн азыктын адамдардын ден соолугуна зыяны жок болот», - деди ал.
Анын айтымында, сөөлжандын Калифорния түрү айыл чарбага абдан ыңгайлуу.
«Биринчи малдын кыгын жууп тазалап, кыктагы амиакты жоготобуз. Кыктын үстүнө сөөлжандарды таштайбыз. Алар кыктын арасында жашап, анын курамындагы өздөрүнө керектүү азыктар менен тамактанышат. Азыгы калбай калганда, көңдүн үстүнө өздөрү эле чыгып алышат. Ошондо кутуларга жаңы көңдөн тизип койсок, сөөлжандар кутуга чыгышат. Калганы биогумусу болот.
1 гектар айдоо жерге 7 тонна биогумус керектелет. Калифорниянын сөөлжанынын узундугу 5-7 сантиметр болот. Мунун эркек, ургаачысы да жумуртка ташташат экен. Бир сөөлжан 7ден 20га чейин жумуртка таштап, алар кадимки тооктун жумурткасындай эле жарылып, жашап кете беришет. Эгерде жакшы шарт түзүп берсе, бир жылда бир сөөлжан 1500гө чейин көбөйөт», - деди ал.