Turmush — Кочкорлук фермер Болот Асанбеков төө куш багууну максат кылууда. Аймактык кабарчы билдиргендей, Кочкор районунда буга чейин төө куш баккан адамдар болгон эмес.
Асанбеков жакында эле түштүк жергесинен төө куш алдырды.
«Төө куштун мекени Африка өлкөсү болгон менен ал суукка чыдамдуу жандык экен. Көптөн бери төө куш баксам деген ойдо жүргөм. Акыры түштүк жергесинен, өзбек туугандардан 6 төө куш алдырдым. Эки эркек, төрт ургаачы. Бир төө кушту 70 000 сомдон сатып алдым. Анын үчөөсүн өзүм алдым. Калган үч төө кушту Жээнбек Алыкулов деген фермер сатып алды.
Төө куш эки жаштан баштап жумуртка тууйт экен. Бирок ал жумурткадан балапан чыкпайт. Ошол үчүн 3 жаштагы төө куштарды сатып алдым.
Төө кушту көбөйтүү максатында инкубатор сатып алдым. Буюрса жумурткасын бастырып, көбөйтүү жолу менен төө куш фермасын түзсөм деген оюм бар. Себеби, мал бакканга караганда төө куш өстүрүү пайдалуу», - деди ал.
Анын айтымында, бир төө куш 1 килограмм жем жейт. Чөптү туурап, майдалап бериш керек. Жайкысын өзү оттоп жүрө берет. Ал төө сыяктуу момун жандык.
Төө куштардын эң чоңу 2,5 метрге, салмагы 130 килограммга чейин жетет. Ал 70-75 килограмм эт берип, деликатес катары бааланат. Ич этинен жылкыныкы сыяктуу чучук, казы-карта жасаса болот.
Төө куштун эти сатыкта 20 доллардан кем эмес.
«Төө куштун эркеги ургаачысына жагуу максатында бийлейт экен. Мен ага музыка коюп берейин деп жатам. Музыка менен жакшы бийлейт.
Мен мындан сырткары 2 тоос (павлин) багып жүрөм. Анын эркеги дагы ургаачысына жагуу максатында бийлейт. Бирок ал музыка жок эле бийлей берет», - деди каарман.
Болот Асанбеков үй канаттууларына абдан кызыгат. Кекилик, тоос, улар, өрдөк, индо өрдөк, тооктун түрлөрүн өстүрүп келе жатат.
Буга чейин ал Асанбеков 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына төө баштаган тогуз алып барганын айтып берген.