Turmush — Тиллаев Жолой Арапбаевич Ноокат шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
Мэрия маалымдагандай, тиешелүү буйрукка 2022-жылдын 16-февралында кол коюлган.
Жолой Тиллаев 1983-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айыл аймагында туулган. Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгында жеке ишканаларда жетекчи, айыл өкмөттөрүндө салык кызматкери болуп иштеген.
Бул кызматка дайындалганга чейин Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгын жетектеп келген.