Turmush — Тутуев Канболот Мусаевич Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.
Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, тиешелүү токтомго президент Садыр Жапаров кол койду.
*Тутуев «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.
Буга чейин Turmush мындан 13 күн мурун Ноокат районунун акими Данир Иманалиевдин буйругу менен Канболот Тутуев Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалганын жазган.
Д.Иманалиев Turmush басылмасынын кабарчысына Тутуевди айыл өкмөт башчылыгынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгонун тастыктады.
Тутуев Канболот Мусаевич 1982-жылы 19-августта Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагына караштуу Насирдин айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.