Turmush — Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп Жумуков Рахатбек Ташынович дайындалды.
Аны жамаатка тааныштыруу иш-чарасына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров катышты.
Буга чейин бул кызматта Бакытбек Женалиев иштеп жаткан. Ал Ош облусунун Кара-Суу шаарына мэр болуп которулду. Ал эми Рахатбек Жумуков Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.
Толугу менен Turmush басылмасына жазылуу менен окуй аласыздар.