Turmush — Эмил Орозбаков Чүй облусунун Сокулук районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 10-февралында кол койду.
Ал буга чейин Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.
Орозбаков Эмил Кемелбекович 1975-жылы 11-апрелде туулган. Үй-бүлөөлү, 2 баланын атасы. 1982-1992-жылдары Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектебинде билим алган. 1997-2003-жылдары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде инженер адистигине окуган.
Буга чейин Чүй облусундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары болуп Самаган Мурcалиев иштеп келген. Ал бул кызматка 2021-жылдын июлунда дайындалган болчу. Акимдин орун басары декабрдын аягында Төмөнкү Чүй айылында демөөрчүлөр тарабынан 1 980 000 сомго курулган даараткананын кызыл тасма кесилген ачылышына катышкан.
Аким Курбанбек Айтибаев: «Камышановка айылында дагы мектепте демөөрчүлөр тарабынан компьютер класс ачылып, биздин орун басарыбызды чакырышкан экен. Андан соӊ, демөөрчүлөр Төмөнкү Чүйдөгү даараткананы дагы көрүп кетишин суранышыптыр. Атайын барган эмес. Барса, демөөрчүлөр иш-чара уюштурушкан экен. Бул мамлекеттин бюджетинен салынган даараткана эмес.
Демөөрчүлөрдүн суранычын четке кага албай, тасмасын кесип койгон экен. Орун басар окуучулар үчүн жасалып жаткандай кийин мындай болуп кетерин билген эмес.
Эми жогору жактагы жетекчилерибиз: «Даараткананын деңгээлине түшүп кеттиӊерби?» деп туура эле айтып жатат. Алар кандай чечим чыгарышса, ошого макулбуз», - деген ал.