Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айыл аймагынын башчылыгына Медербек Султанов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин Ырдык айыл аймагынын башчысы болуп Аскат Дыйканбаев эмгектенип келген.
Медербек Султанов 1969-жылы 5-августа Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында туулган. 1991-жылы ошол кездеги Фрунзе шаарындагы авто-жол техникумун окуп бүтүргөн. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуган.