Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарынын 41 жаштагы тургуну Мээрим Босмолдоева 19 жылдан бери сулуулук салондо эмгектенип келет. Ал Токмок шаарында быйыл кандай чач жасалга мода болуп жатканын айтып берди.
«Бул тармакта иштеп жатканыма 19 жыл болду. Ар кайсы курактагы кардарлар келет. Менин кардарларымдын көбү жаш кыздар. Азыр көбүнчө эркек балдар Корея жылдыздарынын чачтарындай кырктырып жатышат. Балдар былтыр чачтарын узартып, химия жасатып жатышкан. Быйыл андай азайды. Кыздар болсо «Кальмар» сериалындагы башкы каарман кыздын чачындай кырктырып жатышат. Ошол азыр модага айланды.
Күз-кыш той-топурдун мезгилинде кардарларыбыз абдан көбөйөт. Ал тургай үйгө буйрутма беришип, биз командабыз менен барып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарынын чачын жасап беребиз. Ар кандай кардарлар келет. Ар кандай кызыктуу окуяларга туш болобуз. Башы биттеп, какач басып кеткендер да келет. Аларга кеӊешибизди беребиз. Көбү жаман абалда кабыл алып, актанып киришет. Бир жолу бир окуя болду. Улгайган эле эженин чачын жасайын деп жатсам, башында биттер жүрөт. Анан «эже башыӊызда биттер бар экен» десем, ал эже каткырып күлүп, «демек ден соолугум жакшы турбайбы» деп түшүнүү менен кабыл алган. Кийин небересинен жукканын айтты.
Анан дагы бир күнү кардарлар көп болуп, жетишпей жатканбыз. Мен катуу ойлонуп кеткен окшойм. Чачын кырктырып жаткан кардардын телефонуна чалуу түштү. Ал сүйлөшүп бүтүп, телефонун коюп жатса, мен аны тааныган немедей «ким чалды?» деп коем. Баары күлүп жиберишкен», - деди ал.
Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.