Turmush — Ат-Башы районунун тургуну Катя Мамбетова 13 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок алардын ону кичинекей кезинде чарчап калган. Бала күнүнөн турмуштун оош-кыйышы, бар-жогун башынан өткөргөн карыя менен аймактык кабарчы таанышты.
Каарманыбыз 79 жашында Меккеге, ажылыкка барып келген. Ал мурунку биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун апасы.
«Айылдагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, 7-класс билимим менен Фрунзе шаарындагы кооперативдик техникумга тапшыргам. Аны дагы ийгиликтүү аяктап, эмгек жолумду Нарын районунун Куланак айылынан баштагам. Андан соң Балыкчыда, кийин Ат-Башы райондук керек-жарак коомунда 38 жыл, бийик тоолуу коэффициенти менен 44 жыл кооперация жагында эмгектендим.
Өзүмдүн бир туугандарым боюнча айтсам, 13 бир туугандын кенжесимин. Бирок, 10 бир тууганым кичине кезинен эле чарчап калышкан. Арасында эгиз эжелерим да болгон. Эжем, агам, мен бойго жетип, үй-бүлө курдук. Ата-энем балдары токтобогондуктан, мени кичинемде ырымдап, коңшу орустарга берип, кайра бир нече убакыттан соң сатып алышкан экен. Атам момун, жоош, жакшы адам болгон. Ата-энем жаш кезинен оор жумуштан качпай эмгектенишкен. Кызыл-Бел, Долон ашуусун курууда таш, кум ташып иштешкенин айтып жүрүшчү», - деди ал.
Катя Мамбетова 1938-жылы 24-декабрда Ат-Башы районунун Ат-башы айылында туулган. Учурда 6 баласы, 23 небере жана 19 чөбөрөсү бар.
Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.