Turmush — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы болуп Турар Асаналиев дайындалды.
- Буга чейин Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысынын милдетин Жекшен Кыдыев аткарып келген.
Турар Асаналиев 1958-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында төрөлгөн. Ал 1975-1980-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы университетте (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) журналистика факультетинде билим алган. Ал буга чейин бөлүм башчы, нускоочу, айылдык кеңештин төрагасы, жетектөөчү адис, башкы адис, жетекчи болуп эмгектенген.