Turmush — Ош облусунун Араван райондук соту ден соолукка оор зыян келтирүү беренеси менен айыпталган адамга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.
- Айыпталуучу Салих (Я.С.А., ысымы өзгөртүлдү) 1985-жылы 12-апрелде Араван районунда туулган. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Убактылуу иштебейт. 2021-жылдын 23-декабрынан бери камакта. Ага Жазык кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча айып тагылган.
Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Салихтин буюртмасы менен 2021-жылдын 6-сентябрында саат 20:00 чамасында Нурбек (Н.Б.И., ысымы өзгөртүлдү) жана анын шериги (өздүгү аныктала элек) Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын тургуну Б.Й.дын үйүнө барып, анын ден соолугуна оор зыян келтиришкен.
Араван райондук соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Б.Й.дын денесине оор зыян келтирилгени аныкталган.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш Араван РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен катталып, тергөө органдарынын токтому менен иш 138-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна квалификацияланган.
Сот отурумунда жабырлануучунун уулу көрсөтмө берди. Анын айтымында, 6-сентябрда атасынын үйүнө барып, саат 17:30 чамасында кайра өзүнүн үйүнө кеткен. Ошол учурда Салих жалдаган эки жигит аңдып туруп, ал кетери менен атасынын үйүнө кирип, аны эс-учун жоготкончо сабап, качып кетишкен. Ушул эле күнү кечинде ооруканадан телефон чалып, атасы сабалганын айтышкан. Бул окуядан кийин атасына 3 жолу операция жасалып, азыр майып арабада отурат.
Ал соттон айыпталуучуга катуу жаза берүүнү суранды.
Ал эми жабырлануучу Б.Й.дын айтымында, 6-сентябрь күнү үйүндө отурса, 2 жигит келип, учурашкан. Аларды үйүнө киргизип, алдына нан, чай койгон.
«Анан алар мени үчөөлөп урушту, пачактап салышты. Салих аларды баштап келген, өзү да мени урду. Үйдө эч ким жок болчу. Салих алар менен чогуу эле кирген. Мен баарын тааныйм. Ооруканада жаттым. Аларга мыйзам чегинде жаза берүүнү суранам», - деди жабырлануучу.
Сот отурумуна жабырлануучунун кызы күбө катары чакырылды. Ал атасы сабалганы тууралуу маалыматты кошунасынан 6-сентябрда кечинде укканын билдирди. Анын айтымында, кабарды угары менен жолдошу экөө атасынын үйүнө барган.
«Буттары, колдору скочттолуп, колдору кесилип кеткен экен. Атамдын акыбалы өтө оор эле. Башы жарылган. Тез жардам келгиче атама биринчи медициналык жардам бердим. Кесилген, канаган жерлерин тазаладым. Коңшулар тез жардам чакырышкан экен. Күйөөм скочту чечти», - деди ал.
Алар атасынын үйүнө барганда 2 кошунасы бар болгонун кошумчалады. Андан кийин айыпталуучу Салих да келген. Ал бул окуя тууралуу эч нерсе айткан эмес.
«Атам ооруканага жатып, 3 жолу операция болду. Атам 2 бала урганын, аны сүйрөп бара жатышканда Салихти да көргөнүн айтты. Ал атамдын артынан келип уруптур. Атам ал балдарды көрсө тааный турганын айтты», - деген күбө айыпталуучуга катуу чара көрүүнү суранды.
Жабырлануучунун иниси күбө катары көрсөтмө берди. Ал 12 бир тууган экенин айтып, агасынын сабалганын күйөө баласынын укканын билдирди. Ал дагы бир бир тууганын ээрчитип, ооруканага барышкан. Бирок агасы жандандыруу бөлүмүндө болгондуктан аларды киргизишкен эмес.
Ал эми айыпталуучу Салих күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, жабырлануучу кошунасы болот. Алардын ортосунда тууганчылык да бар. Кошунасы менен бул окуяга чейин эле пикир келишпестик болуп келген.
«Мени ар кандай жаман сөздөр менен басынтып келген. Үй жагыма арыктан суу буруп, үйүмдү каптатып, тоокторумдун, жөжөлөрүмдүн бутун сындырып, чолок кылып коёт. 2021-жылы 6-сентябрь күнү ноокаттык Дастан аттуу таанышыма досу экөөнө ушул кошунамды кичине тарбиялап, шапалак менен бир эле уруп койгулачы деп сүйлөшүп, алар макул болгон. Бирок Дастан шериги экөө кошунамды аябай сабап жатканда өзүм барып, кыйкырып ажыратып, келинимди чакырдым. Дастан шериги экөө кошунамдын үйүнөн качып чыгып кетти.
Ага биринчи жардам бердип, инимдин келинчегин чакырдым. Коңшулар тез жардам чакырды. Ал балдар мындай катуу уруп коёт деп ойлогон эмесмин. Мен аларга жөн эле түшүндүрүп, шапалак менен бир эле уруп койгула дегем. Ал балдарга кошулуп жабырлануучуну урган эмесмин», - деген айыпталуучу кечирим сурады.
Жыйынтыгында сот айыпталуучуну Жазык кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсүн белгилеген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинини 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 3 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулду. Ал сот залынан камактан бошотулду.
Буга чейин жабырлануучунун бир тууганы маалымат жыйын өткөрүп, агасын аёосуз сабап, 7 жолу бычак сайып, тармактарын кычкач менен жулуп кетишкенин айтып берген. Анын айтымында, ур-токмокко алынган агасы күрөш боюнча спорт чебери.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, буюртма менен аталган адамды сабаган шектүүлөрдүн жүргөн жери белгисиз болгону үчүн алардын иши бул кылмыш ишинен бөлүнүп алынган. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып, аларга издөө жарыяланган.