Turmush — Эзелтеден кыргыз элинде эки элдин башын бириктирүү үчүн кыз берип, кыз алышкан. Мындай кадам эки уруу ортосунда тууганчылык алаканы жандантып, согуштун алдын алууга шарт түзгөн. Алардын арасында аялзат сулуулугунун символу болгон Ак Мөөр бар. Ал тууралуу көркөм чыгармалар жазылып, кино тартылып, аргасыздан Жантай ханга башын байлаганы тууралуу баяндалат.
Жумгалдын саяк уруусунун бийи Боркоктун Адылынын 4 уулу жана Мөөр деген сулуу кызы болот. Ынтымагы ыдыраган уруулардын арасында Соң-Көл талашка түшүп, кээде жаңжалдын чыгышына себеп болуп турган.
Бир жолу жайдын толгон кезинде Карабектин хан Жантайы жандоочулары жана 40 жигити менен Соң-Көлдөгү Чоро айылына баратса, бир нече кыз-келин сууга түшүп жаткан болот. Атчандар карпа-курпа чыга калганда, чурулдаган кыз-келиндер суудан чыкканга шашып, көйнөктөрүн кийип, жамырай качышат. Ошончонун ичинен жалгыз кыз эркектерден айбыгып, этин сууга жашырып, чачын жамынып, тескери карап отуруп калат.
Жантай хандын бир шайдоот жигити Соң-Көлдүн ак куусуна окшогон кызга жакын барып, аты-жөнүн, айылын сурап алат. Хандын жан-жөөкөрлөрү сууда отурган кыздын эстүүлүгүнө, зээндүүлүгүнө жана сулуулугуна ыраазы болушат да, ханга нике кыюуга жуучу түшмөккө акыл айтышат. Ошентип, Жантай хан жана анын коштоочулары Чоро айылынын башчысы Адылдын үйүнө капылеттен мейман да, жуучу да болуп барып калышат. Акыры Жумгалдын аттуу-баштуулары Жантай ханга Мөөрдү берүү бир чети Жантай ханга ызаат болсо, экинчиден уруулар ынтымакташып, конуш талашы басылар деген илгери үмүттө эле.
Акыры 52 жаштагы Жантай хан 15 жаштагы Мөөр сулууга үйлөнөт. Сулуу да, акылдуу да Мөөр ата-эненин тилине көнүп, салт сактап, эл тагдырын ойлоп, Жантай хан менен 20 жыл жашап, 4 бала төрөйт. Кийин Мөөр аты Ак Мөөр болуп чакырылып калган. Ак Мөөр сулуу 35 жыл гана өмүр сүрөт.
(Тарыхый китептерден алынды)
Маалымдама:
Жантай Карабек уулу – сарыбагыш уруусунан чыккан чоң манап. Сарыбагыш уруусунун тынай бутагын башкарган. Жантай 6 аял алып, 11 эркек бала көргөн. Урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда жашаса, Ысык-Көл районун жердегендер да бар.