Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 53 жаштагы Гүлнара Акунова. Ал 20 жылдан бери Американын Лос-Анжелес шаарында жашайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Гүлнара Акунова жогорку окуу жайын аяктаган соң турмуш жолун Америкада улаган.
«Караколдогу педагогикалык институтту аяктап, Бишкек шаарында орус тилчи мугалим болуп иштеп жүрдүм. Америкага барып, жер көрөм, иштейм деген максат менен англис тилин окуп, АКШга кетүүгө эмне керек экенин билүү үчүн элчиликке кайрылдым. Курбуларыма да айтып жүрдүм. Бирок алар көңүлдөнчү эмес. Азыр максатыма өжөрлүгүм, аракетим менен жеткенимди айтып калышат. Ошентип бул жакка келген соң аскер кызматында иштеген адамга турмушка чыгып, жашап калдым. Алгачкы 2 жыл адаптация болдум», - дейт ал.
Ал Америкадан Кыргызстанга унаа сатып да иштеген.
«Кийинчерээк бажы төлөмдөрү көтөрүлгөндөн кийин бул ишти токтоттум. Унаа демекчи, бул жакта унааң жок болсо жумуш бүтүрүү кыйын. Ошол эле учурда жол эрежесин бузбашың керек. Жол эрежесин бузсаң, чоң айып төлөйсүң.
Өзүмдү ар тармакта сынап көрүүнү жакшы көрөм. 43 жашымда "Азия сулуусу" сынагына да катыштым. Анда активдүү катышкандыгым үчүн сыйландым. Ошондой эле кайрымдуулук иштерди да жасайм», - деди ал.
Толугу менен Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыздар.