Turmush — Ноокат райондук администрациясынын аппарат башчысы кызматына Данияр Шарапов дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 1-февралдан баштап район акими Данир Иманалиевдин буйругу менен убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Данияр Шарапов 1981-жылы туулган. Ал Араван районунун тургуну. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун 2003-жылы «Инэксимбанктын» бөлүмүнөн баштаган. Мындан сырткары «Айыл банк», «БТА банк, «РСК банкта» эмгектенген.
Толук материалды Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыздар