Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп Осмонов Саламат Мамытович дайындалды. Бүгүн, 3-февралда облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Улукбек Баялиев жаңы жетекчини жамаатка тааныштырды, деп билдирди аймактык кабарчы.
Саламат Осмонов буга чейин Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.
«Түп районунун суу чарбасынын мурунку башчысы Маматбек Азаров ротация жолу менен башка аймакка которулат», - деди Улукбек Баялиев
Саламат Осмонов 1972-жылы 14-июнда Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында туулган. Билими жогорку. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. Суу чарба тармагында 23 жылдан бери эмгектенип келет.