Turmush — Бүгүн, 3-февраль күнү Ноокат шаарынын мэри кызматына Улан Турганбаев дайындалды. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Улан Турганбаевди дайындоо тууралуу буйрукка аким Данир Иманалиев кол койгон. Улан Тургунбаев муниципалдык кадрлар резервинен дайындалган. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
Турганбаев Улан Калмакович 1971-жылы 4-апрелде Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1989-1994-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алган. Кесиби боюнча агроном.
Улан Турганбаев Жалал-Абад облусунун экс-прокурору Айбек Турганбаевдин бир тууган агасы.
Буга чеийн Ноокат шаарынын мэри болуп иштеп келген Нурдинов Жоомарт Амадалиевич 2021-жылдын 13-октябрында ээлеген кызматынан бошотулган. Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган өндүрүш ишинин алкагында калаа башчысы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Кенен маалымат бул шилтемеде.