Turmush — Ат-Башыдагы жубайлар Таалайбек Шаршеев менен Чолпон Өмүракунова сүт азыктарын даярдап, эки жылдан бери чакан цех иштетип жатышат. Ак-Жар айылында турган ишкерлер менен аймактык кабарчы таанышты.
Шаршеев менен Өмүракунова 19 жылдан бери чогуу өмүр сүрүп келе жатышат. Алардын 1 кыз, 2 эркек баласы бар.
Таалайбек Шаршеевдин айтымында, ишти баштарда курут жасашкан. Андан кийин йогурт, каймак, быштак, айран жасап, сатыкка чыгара башташкан.
Учурда жубайлар продукцияны Ат-Башы, Нарын, Кочкордун дүкөндөрүнө таратышат. Баалары сүттүн наркына байланыштуу.
Кененирээк Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыздар.