Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кеӊ-Суу айылынын тургуну Марат Бектенов көк бөрү оюнуна мыкты аргымактарды таптап, жаштарды машыктырып келет. Ал бүгүнкү күндө кыргыздын улуттук көк бөрү оюнуна Атаман, Атака жана Мамалак аттуу жылкыларын мелдешке алып чыгып, эл аралык деӊгээлде ийгилик жаратып келе жатканын аймактык кабарчыга билдирди.
Марат Бектенов 1974-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Борбор калаада 2-класска чейин билим алып, андан соӊ Түптүн Кеӊ-Суу айылында билим алууну уланткан. Мектепти аяктагандан кийин, 1991-жылы Бишкек шаарындагы кесиптик окуу жайга барган. Учурда Сан-Таш айылдык кеңешинин депутаты.
«Менин Жунуш чоӊ атам өз кезегинде күлүк таптап, казак-кыргыз мелдештерине катышып, саяпкерлик кесибин аркалап келген. Ошол мезгилде жеӊишти багындырып, казак элинен 100 жылкы утуп келген экен. Чоӊ атамдын саяпкерлик өнөрүнөн уламбы, мен да бала кезимден ат минип, жылкы таптоого кызыгып, айылда жашаганга жүрөгүм тартып туруп алды. 2-класска чейин Бишкек шаарында билим алып, андан соӊ айылдын турмушун эӊсеп, Кеӊ-Сууга чоӊ энем, агаларымдын колуна келип тарбия алып, кесиптин ээси болдум. Мектепте билим алып жүргөндө агаларымдан жылкы таптаганды, ат чапканды үйрөндүм. Каркыра жайлоосу жакын болгондуктан өзүм курактуу балдар менен улак тартышка чыгат элек», - деди ал.
М.Бектенов 1997-жылдан бери сындуу жылкыларды курап, улуттук ат оюндарына күлүк таптап келе жатканын кошумчалады.
«Совет доорунда улуттук мелдештер өтпөй, улак тартыш сыяктуу оюндар унутта калып бара жаткан. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин 1997-жылы жаз мезгилинде алгачкы жолу Чүй өрөөнүндө Б.Шамшиев жана Б.Шерниязовдун уюштуруусу менен казан улак оюну уюштурулуп жатканын угуп, кызыгып бардык. Ал жактан улуттук оюндун эрежесин көрүп, үйрөнүп келдик. Анан эле теӊтуш балдарым үйлөнүп жатканда мен калыӊга сарптай турчу каражатты асыл тукум жылкы багууга арнап, күлүк таптоону колго алдым. Ошентип 2001-жылы Кеӊ-Суу айылына алгачкы жолу тай казан салынып, Сан-Таш айыл өкмөтүнөн «Санжар» курама командасы түптөлдү. 2002-жылы Каракол шаарында өткөн алгачкы мелдешке катышып, ийгилик жараттык. Акырындык менен биздин команда облус-район боюнча мыкты жыйынтык көрсөтүп, көк бөрү оюну өлкөбүздө кайрадан ойноло баштады. Ушундан улам каралбай жаткан ээр токумдун, жылкынын баркы көтөрүлө баштады. 2008-жылы жергиликтүү Сахара деген бээге Россиянын Орловский рысак тукумундагы жылкыны кошуп аргындаштырдык. Андан Атаман аттуу аргымакты таптап, улак тартыш оюнуна үйрөттүм. Атамандан кийин Атака, Мамалак деген аттарды багып жатам», - деди ал.
Саяпкер көк бөрү оюнунда Атаман аттуу тулпары Кыргызстандын намысын коргоп, эл аралык мелдештерге катышып келе жатканын белгиледи.
«Улуттук көк бөрү оюнунда Атаман өзүнүн күчтүүлүгүн, өзгөчөлүгүн көрсөттү. Жакынкы 4-5 жыл аралыгында Кыргызстандын курама командасына алынып, эл аралык оюндарда ийгилик жаратууда. Астанада өткөн "EXPO-2017" беттешине, 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, 2021-жылы президенттин кубогуна катышып, курама командада 1-орунду багындырды. Албетте, бардык ийгиликтер боюнча акчалай сыйлыктарды да алдык. Ошол кезде Атаманды Оштун "Достук" командасы 35 миӊ долларга баалап, сатып алуу сунушун киргизди. Бирок бул атты облустан чыгарбайлы деп, ысык-көлдүк саяпкер жигиттер менен макулдашып саткан жокмун», - деди ал.
Өлкөдөгү фермерлер тууралуу «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз.
Журналда миллиондогон кирешелерди тапкан алдыңкы малчылар, дыйкандар, багбандар, балыкчылар, аарычылар жана башкалардын ийгиликтеринин сырлары, даректери, телефон номурлары жазылган.
Баасы 1000 сом.
Журналды бардык облустардан алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин +996 (312) 45 66 72, +996 (312) 65 02 04 жана 0(550) 26 50 13 номурлары иштейт же aimak.akipress@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыз.
Марат Бекетенов үй-бүлөлүү, өмүрлүк жары менен 2 уул жана 1 кызды тарбиялоодо. Туң уулу ата жолун жолдоп, күлүк таптоого кызыгат. Ал К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринардык кесип боюнча билим алууда.