Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын 24 жаштагы тургуну Абдулла Жумабеков 3 жылдын ичинде 120 койду 300 башка жеткирди. Анын 80 пайызы «Арашан» породасындагы койлор. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.
«Ата-эне, бир туугандарыбыз болуп мал чарба иштетип келебиз. Атам түптөп берген чарба. Негизи кой багып келе жатканыбызга 15 жылдан ашты. Ал эми «Арашан» породасына өткөнүбүзгө 3 жыл болду. 3 жыл мурун 120 баш кой бар болчу. Азыр 300 башка жетти. Чарбабызда башка мал-жандыгы жок. Бир гана кой чарба.
3 жыл мурун Кара-Балта шаарындагы чарбадан «Кеша» аттуу кочкордун балдарын алып келип, чарбабызга кошконбуз. Ал кезде 70-80 миӊ сомдон сатып алганбыз. Азыр биздин чарбадагы койлордун баасы 65 миӊ сомдон, эркек козулары 50 миӊ сомдон жогору. Ал эми чоӊ кочкорлор сатыкка чыкпайт. Ар кандай көргөзмөлөргө катышып, кой чарба багытындагы иш-чаралардан калбай барып турабыз», - деди ал.
Абдулла Жумабеков 1998-жылы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген.
«Үй-бүлөлүүмүн, бир балабыз бар. Келечекте ушул кой чарбасын өнүктүрүп, анын ичинен «Арашан» породасындагы койлорду көбөйтсөм дейм», - деди ал.
Өлкөдөгү фермерлер тууралуу «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз.
Журналда миллиондогон кирешелерди тапкан алдыңкы малчылар, дыйкандар, багбандар, балыкчылар, аарычылар жана башкалардын ийгиликтеринин сырлары, даректери, телефон номурлары жазылган.
Баасы 1000 сом.
Журналды бардык облустардан алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин +996 (312) 45 66 72, +996 (312) 65 02 04 жана 0(550) 26 50 13 номурлары иштейт же aimak.akipress@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыз.