Turmush — Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы кызматкеринин өлүмү боюнча айыпталган адамдарга өкүм чыкты. Тиешелүү чечимди 18-январь күнү Ош шаардык соту кабыл алганы соттун токтомунда айтылат.
Буга чейин Turmush басылмасы 2021-жылы 20-июнда топтолгон жаш жигиттер тарабынан жасалган бейбаштыктын кесепетинен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери ооруканага жетпей каза болгонун жазган.
Аймактык кабарчылар окуя болгон жерге барып көрүшкөн. Маркум болжол менен Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан Ош мамлекеттик педагогикалык университетине жакын жерде каза болгон. Аталган аймакта жайгашкан дүкөн ээлеринин айтымында, дүкөндүн видео тасмасына 3 жигит түшүп калган.
-
Айыпталуучу Адил (ысымы өзгөртүлдү, А.Э.М.) 1999-жылдын 9-декабрында Ош шаарында туулган, эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү, билими орто, мурда соттолгон эмес. Кара-Суу районундагы Бирлешкен айылында жашайт. 2021-жылдын 24-сентябрынан тартып үй камагында. Ага Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ээнбаштык) боюнча айып тагылган.
-
Айыпталуучу Эдил (ысымы өзгөртүлдү, Г.Э.Э.) 1999-жылдын 18-сентябрында Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында туулган, эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү, билими орто, мурда соттолгон эмес. Ош шаарындагы Анар кичи районунда жашайт. 2021-жылдын 24-сентябрынан тартып үй камагында. Ага Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ээнбаштык) боюнча айып тагылган.
-
Айыпталуучу Нурбек (ысымы өзгөртүлдү, Э.Ы.Н.) 1999-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарында туулган, эч жерде иштебейт, бойдок, билими орто, мурда соттолгон эмес, Ош шаарында жашайт. 2021-жылдын 20-июнунан тарта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 мекемесинин тергөө абагында камакта. Ага Жазык кодексинин 130 беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бейбаштык максатта киши өлтүрүү) боюнча айып тагылган.
Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Нурбек достору Адил жана Эдил менен 2021-жылдын 20-июнунда саат 05:30 чамасында Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда жайгашкан «Турбаза» саунасында болушкан. Ал жерде Нурбек маркум — 1997-жылы 23-мартта туулган Айбек (ысымы өзгөртүлдү, А.А.А.) менен айтыша кеткен. Ошол мезгилде маркум алардын агрессивдүү аракетин көрүп, досу Мирбек (ысымы өзгөртүлдү, М.Н.З.) менен кетип калган. Нурбек Айбек менен досунун артынан кубалап барып, жогорку окуу жайлардын биринин алдына жеткенде Айбекти жакалаган. Нурбектин артынан достору да келген. Нурбек Айбекти бет тарабына уруп, эсин оодарган. Айбек денесинен алган жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде көз жумган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, маркум ден соолугуна оор зыян алгандыгы жана дене жаракаттары менен өлүмдүн келип чыгуусунун түздөн-түз байланышы бар экендиги аныкталган.
Сот отурумунда айыпталуучу Адил күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 2021-жылдын 19-июнунда тааныш инисинин үйлөнүү тоюу «Хан-Ордо» ресторанында болгон. Достору Нурбек менен Эдилге ошол тойдон жолугуп калган. Ал жакта бир аз эле отуруп, «Царский двор» кафесине барып, ал жактан чыгып, Түштүк-Чыгыш кичи районуна барышкан. Таксиге акча жок болгондугуна байланыштуу Нурбек «Турбаза» саунасына бирөөнү сураганы кирип кетип, «ошол адам бизди унаасы менен үйгө жеткирип коёт» деп айткан. Ал 5 мүнөткө жетпей эле Мирбек менен келип, ошол жерде ызы-чуу башталган. Бирөө «силер оштуктар, кыйын болуп кетипсиңер» деп Нурбекти четке тартып, Нурбек алардан кечирим сураган. Ошол жерде Айбек Нурбекти урган. Ал эми Нурбек уюлдук телефонун алып чыгып, видеого тартып баштаган. Аларды бөлүштүрүп башташканда Айбек кетип калган. Ал эми анын досу алар менен тура бергенде Нурбек Айбектин артынан чуркап барып, «видеого тартам» деген. Айбектин жыгылганын көрүп, желим бөтөлкө таап, арыктан суу алып келип, бетине чачкан. Андан кийин алар такси тосууга аракет жасап, бир убакта Айбек жерге жыгылып түшкөнүн көргөн.
Айыпталуучу Эдил күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын көрсөтмөсү боюнча, «Турбазадан» чыр-чатак чыгып, Нурбек Айбекти уруп жибергенде таксидеги адамдар чогулуп калган. Өзүн коргоо максатында видеого тартып баштаган. Балдардын артынан барган учурда Айбек жерде жаткан. Балдар «тили артка кетип калган окшойт» деп жардам беришкен. Андан кийин такси менен кетишкен.
Айыпталуучу Нурбек күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 2021-жылдын 19-июнунда «Турбазага» такси менен келип, үйгө алып кете турган баланы сураганы саунага кирип кеткен. Ал жерде администратор отурган, андан «сары бала келдиби?» деп сураганда, ал «жок» деп жооп берген. Саунага кирип бара жатканда бирине чалап, экинчисине суу куюлган бөтөлкөнү тээп кеткен. Мирбек артынан кирип келип, «сен тептиңби биздин желим бөтөлкөлөрдү?» деп сураган. Ал кечирим сурап, жаңысын сатып бере турганын айткан. Ошол учурда Айбек башка жол менен келип, бөтөлкөлөрдү сураган. Мирбек бөтөлкөлөрдү Нурбек тээп кеткенин айткан. Бөтөлкөнүн бирин жерден алып берип, экинчисин таппай калган.
Мас абалдагы Айбек «сенин кандай акың бар тепкенге?» деп, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Нурбек «асмандан түшсөң да жөн эле сүйлөчү, деп айтса, Айбек «мен конторскиймин» деген. Бирок аны далилдеген документтерин көрсөткөн эмес. Экөө айтыша кетип, Айбек Нурбекти муштуму менен уруп жиберген. Далил катары аны видеого тартып жатканда Айбек «мен сен менен эртең сүйлөшөм» деп кыйкырынып, сөгүнүп басып кеткен. Анын бетин толук видеого толук тарта албай калгандыктан кайра артынан барганда Айбек намыска тийген сөздөрдү айтып, «каматып салам сени» деген. Ага «эркекче сүйлөшөлү, бирге-бир чыгабыз десе» колундагы жарыма чейин сууга толгон желим бөтөлкө менен Нурбекти чаап жиберген. Нурбек Айбекти бир жолу урганда «сени менен эртең сүйлөшөм» деп арт жакка басып, тизелеп отургандан кийин кулап калган. Анын досу чуркап келип, тили артка кетип калганын айтып, аба киргизүү үчүн тилди берүү тартуу керектигин эскерткен. Бетине суу чачып, жасалма дем алдырышканда бир аз дем ала баштаган. Жолдо бара жаткан унааны тосуп, Айбекти салып бара жатышканда досу Мирбек «тили кайра артка кетип калат, ошон үчүн тилин кармап кет» деп айткан.
Айыпталуучу окуя болгон учурда орто деңгээлде мас болгонун, ал эми маркум мас абалда болгонун айтып, көрсөтмө берди.