Turmush — Ысык-Көл районунун Кашат айылынын 35 жаштагы тургуну Замирбек Шоруков сапаттуу очок салууну мыкты өздөштүрүп, ал эмгегинин аркасында өлкөнүн бардык аймактарына барып, буюртма кылгандардын ыраазычылыгына ээ болууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен очокту абдан сапаттуу жасаганга болгон аракетимди жумшайм. Кылдаттык менен жасаган иш сөзсүз түрдө жемишин берет экен. Жер үйдө жашаган адамдарга очок керектүү болгондуктан буюртма көп болот. Өзүмдү өзүм жарнамалап көргөн эмесмин. Элдер бири-биринен угуп эле мага байланышат. Чакыруулар Чүй, Нарын, Ошко чейин болот.
Жакшы очоктун негизи — отунду аз талап кылгандыгында жана түтөбөгөндүгүндө болот. Алгач мени чакырган үй ээлери менен кеңешип, аларды угуп, анан жумушумду баштайм. Көпчүлүгү тай казанга тиешелүү очокту салдырышкан соң өкүнүп калышат. Анткени ал көп жерди ээлейт жана 10 жылдар бою жагылбай турушу мүмкүн. Азыркы тапта көпчүлүгү тойлорду ресторандарда өткөрүп, ал жактан эт бышырышат. Ошондуктан очок салдырууну каалагандар, муну эртерээк ойлонушу зарыл. Ар бир очок 3500 сом болот. Учурда кыш мезгили болгондуктан, айына 2-3 буюртмага чыгып жатам. Чет жерде эмес, өз жеримде маңдай терим менен каражат таап жатканыма сүйүнөм. Үй-бүлөлүүмүн, учурда 1 кыздын атасымын», - деди ал.