Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылынын 60 жаштагы тургуну Асан Жапаев 5 жылдан бери балык чарбаны колго алып келет. Ал ар жылы каңылтырдын (карп) эки түрүн, жилингир (форель) жана май канат (сига) балыгынын уругун өстүрүп жатканын аймактык кабарчыга билдирди.
А.Жапаев Чоӊ-Таш айылында жарык дүйнөгө келип, Түп айылында чоӊоюп, мектепте билим алган. Андан соӊ Ак-Булуӊ айылындагы азыркы айыл чарба техникумунан ветеринардык кесипти окуп, 1980-1982-жылдары Германияда аскердик милдетин өтөгөн. Кийинчерээк К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык унверситетинен кошумча билим алган.
«Мен бала кезимден баштап мал чарбасына, балык өстүрүүгө кызыгып келем. Аскердик кызматты өтөп келгенден кийин дароо эле Түп айылында зоотехник болуп жумушка орноштум. Анда уй баласын өстүрүүчү чарбада эмгектенип жүрүп, кийин компартияда инструктор, бригадир болдум. Кыргызстан өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгондо дүркүрөп иштеп турган чарбалар жоюлуп кетти. Ошону менен 2000-жылдардан тарта балык өстүрүүгө кызыгып, ихтиология (зоологиянын балык изилдөө бөлүмү) боюнча эч кандай тажрыйбам жок болгон соӊ чет өлкөлөргө чыгып, тааныша баштадым», - деди ал.
А.Жапаев 5 жыл мурун балык өстүрүүчү чарбаны түптөп, иш баштоого көп акча каражатын сарптаганын айтат.
«Ачыгын айтканда, балык өстүрүүчү чарбаны ачууга абдан чоӊ иш тажрыйба жана акча керектелет экен. Алгач Россиянын бир нече шаарын кыдырып, Кытайдын Үрүмчү шаарына, Иранга барып балык чарбалар менен таанышып, кийин долбоорлор менен иштешип, Түркияга бардым. Аталган мамлекеттерде балык өстүрүүчү зоводдор бир кыйла өнүгүптүр. Суу, бассейндер жабык жайда орун алып, биздеги "жаан жаады, сел жууп кетти" деген сыяктуу жаратылыш кырсыктан коркуу деген түшүнүк жок. Өзүмдү тобокелге салып, Түп айылынан кичинекей саздак жерди алып, алгач эле суу чыгарууга 11 миӊ доллар сарптап, скважина орноттук. Чарбаны керектүү жабдуулар менен камсыздоо үчүн унаамды сатып, ага кошумча 3 миллион сом насыя алдым. Бул мезгилде актабай калуу коркунучу бар эле. Жумуш жакшы жүрүшпөй калганда, "Каяктагы ишти баштадыӊ?" деп үй-бүлө ичинде урушкан күндөр да болду. Таштап салайын дедим, бирок намыстанып, өзүмдү колго алдым. Кантсе да чет өлкөлөрдөн топтогон тажрыйбам керекке жарап, урук циркуляция болуп, чоӊоюп чыга баштады. Мыдан сырткары долбоорлор менен иштедим. Алар балык өстүрүүгө керектелүүчү техникаларды алууга жардам беришти», - деди ал.
Асан Жапаевдин өмүрлүк жары кесиби боюнча бухгалтер. Алар 2 уул жана 1 кызды тарбиялап-өстүрүшкөн. Учурда 10 небереси бар.
Өлкөдөгү фермерлер тууралуу «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз.
Журналда миллиондогон кирешелерди тапкан алдыңкы малчылар, дыйкандар, багбандар, балыкчылар, аарычылар жана башкалардын ийгиликтеринин сырлары, даректери, телефон номурлары жазылган.
Баасы 1000 сом.
Журналды бардык облустардан алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин +996 (312) 45 66 72, +996 (312) 65 02 04 жана 0(550) 26 50 13 номурлары иштейт же aimak.akipress@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыз.