Turmush — Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну Роман Кашаев 10 жылдан бери бал челек кармайт. Ал аары багуунун сырларын аймактык кабарчыга билдирди.
Р.Кашаев 1984-жылы жарык дүйнөгө келген. Михайловка айылындагы жалпы билим берүү мектебин аяктаган. Андан соң дыйкан чарбада жер иштетип, кийинчерээк ата жолун улантып бал челек кармап келе жатат.
«Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын. Мен бала кезден бери эле атам өзүнүн чакан бал челегин иштетип келчү. Кийин окууну бүткөндөн кийин атамдын жолун жолдоп, аары багып, бал өндүрүүнү колго алдым. Эң алгач 30 бал челек менен иш баштап бүгүнкү күндө санын 90го жеткирдим», - деди ал.
Каарманыбыз өткөн жылы 90 бал челектен 3,5 тонна бал өндүргөн. Учурда дүңүнөн жана чекене баада сатып жатканын кошумчалады.
«Өткөн 2021-жылдын жай мезгили абдан кургакчыл болду. Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу 3,5 тонна бал өндүрдүк. Негизи башка жылдары нымдуулук жетиштүү деңгээлде болгондо, 5-6 миң килограммга чейин бал чогултууга мүмкүн болот. Тоонун балын 300 сом, дүңүнөн 200 сомдон, талааныкы 250 сом болсо дүңүнөн 150 сомдон айланууда. Азыркы тапта бал аарылар кутучаларда эс алууда. Күзүндө ар бир челекке 15 килограмм бал салынган, аны менен апрелге чейин азыктанат. Андан соң шекердин ээритмесин берип баштайбыз. Бизге жалпы 1,5 тонна кум шекер керектелет. Анткени личинкалар чыгып, алар да азыктанат. Эң негизгиси биз жыл сайын бир жолу Европадан алып келинген эне аарыларды сатып алып, жаңыртып турабыз», - деди ал.
Роман Кашаев үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулду тарбиялоодо.