Turmush — Ноокат райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы жана жетекчи Нурлан Орозалиевдин аракети менен бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, анын негизинде 2022-жылдын май айында аккредитациядан өтүү пландалууда.
1989-жылы курулган бойдон оңдолбогон имараттын сырты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалып, лабораторияга 1,5 млн сомдук жабдуулар сатылып алынган. Ошондой эле вирусологиялык лабораториянын курулушу бүтүү алдында турат. Бир жылда аткарылган иштер боюнча Ноокат райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев тааныштырды.
Курулуштар жана техникалык базаны чыңдоо:
Ноокат район аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, оорулардын алдын алуу боюнча 1 жыл ичинде бир топ иштер аткарылды. Курулуш иштери боюнча айтсак, быйыл ушул имараттын кире беришине маалымат дубалын (стенд) жасаттык. Сыртка адамдар баса турган тротуарга таш таман басылып, имараттын сыртын заманбап стилде суюк травертин менен оңдодук. 1989-жылы курулган имараттын терезелери гана алмашылыптыр, бирок бир да жолу сырты оңдолгон эмес экен. Таштары, шагылы чыгып турган пайдубалына кафель төшөлдү. Имараттын ичи косметикалык гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, келе жаткан жылы имараттын ичин да европалык стилде оңдоп-түзөөдөн өткөрүү планы бар.
Ошондой эле борбордун от казаны жертөлөдө жайгашып, кооптуулук жаратып келген. Өздүк каражат эсебинен 1 млн 250 миң сомго сыртка чыгарып, жаңы орун куруп, ички системаны да алмаштырдык. Саламаттыкты сактоо тармагында реформа жүрүп, Араван районунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун да Ноокат районуна кошкон. Ал жактын да от казанын кышка жасайбыз деп жетишпей калдык, бирок учурда иш жүрүп жатат. Себеби мурунтан электр энергиясы менен иштеп келгендиктен бир аз иши татаалдашып калды. Азыркы күндө долбоорлорун жасатып, тендерге берип, 1 млн сомдун тегерегиндеги иш жүргүзүлүп жатат. Январь айынан баштап жылуулук системасын алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Араван санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун да материалдык-техникалык базасын чыңдап, ишкананын ичин оңдоп, лабораториясын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Лабораториясына 700 миң сомдук жабдууларды алдык, ал жак да аккредитациядан өтөт.
Мындан тышкары жарык өчкөн учурда электр энергиясын өз алдынча иштеп чыккан генераторду 200 миң сомго сатып алып, орнотуу иштери жүрүп жатат. Жарык өчсө вакциналарды сактоодо жана башка иштерди жүргүзүүдө мындан кийин кыйынчылык жаралбайт.
Вирусологиялык лаборатория:
Ноокат райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунуна атайын «Ислам өнүктүрүү» банкы аркылуу вирусологиялык лаборатория курулуп жатат. Сырткы канализация суу түтүкчөлөрү жасалып бүттү. Имаратын куруп бүтүү стадиясында турушат, 15-январга бүтүп калат. Керектелүүчү жабдыктардын баары алынып келинген, февраль айынан баштап ишин жандантабыз. Бул лаборатория курулса вирусологиялык изилдөөлөрдү Ноокат районун өзүндө жасаганга шарт түзүлөт. Ошондой эле дагы бир пайдасы жугуштуу оорулар боюнча кош бойлуу аялдардын организминдеги вирустарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир гана Ноокат району эмес, Араван району, андан сырткары Кызыл-Кыя, Төө-Моюн тарапты дагы коронавируска жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Азыр ошонун алкагында изилдөө жасоо үчүн бир дарыгер, бир лаборант атайын окуудан өтүп жатышат.
Көк-Жар айыл өкмөтүндө бактериялык лаборатория жок болгондуктан райондун борборуна келип, анализ тапшырышчу. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратына лаборатория ачтык. 800 миң сомго лабораторияга керектелүүчү каражаттарды сатып алдык.
Материалдык-техникалык базаны чыңдоо:
Борбордо санитардык-бактерилогиялык лаборатория менен санитардык-химиялык лабораторияга 1,5 млн сомго техникалык жабдууларды сатып алдык. Бул лабораторияларды быйылкы жылы аккредитациядан өткөрүү боюнча катуу иштер жүрүп жатат. Эл аралык талапка жооп берге турган шартка өткөрөбүз деп билдирүүнү Кыргыз аккредитация борборуна жөнөткөнбүз. 2021-жылда аткарылган иштердин негизинде 2022-жылдын 6 айына чейин аккредитациядан өткөрөбүз.
Ал эми коронавирус илдети боюнча айтсак, 2021-жылы коронавирус оорусу боюнча кыш мезгилинен жайга чейин, 11 айда 521 учур катталды. Андан сырткары клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 500 учур катталды. Баарына биздин кызматкерлер өзүнүн эпидемиологиялык изилдөөлөрүн жүргүзүп, ар бир очокко дезинфекция жасалып, алар менен байланышта болгондорду көзөмөлгө алуу иштерин жүргүздүк. Быйылкы жылдын март айынан тарта коронавируска каршы эмдөө иштери башталып, Ноокат районуна 157 миң доза вакцина алынып келсе, анын 120 миңдей дозасы сайылып бүттү. Максат боюнча 70 пайыздан ашыш керек болсо, биз жашоочулардын 62 пайызын эмдеп бүттүк.
Кадр маселеси:
Быйылкы жылы 2 дарыгерди министрликтин колдоосу менен «Депозит молодого врача» долбооруна өткөрдүк. Алар айлыгынан сырткары ар кварталда кошумча 10 миң сомдон алып турушат. Лабораторияларды эл аралык аккредитациядан өткөрүү боюнча 6 лаборантыбызды окуттук. Москва шаары менен эл аралык лабораториялык сыноодон өткөрүп, эл аралык талапка келтиришибиз керек. Эгер аккредитациядан өткөрсөк, компьютерлердин иш орундардагы зыяндуулугун аныктоо, ошондой эле Ноокат, Араван районундагы 3 цемент заводуна изилдөөлөрүн жасоого шарт түзүлөт. Андан сырткары өзүбүз өндүрүп жаткан продукциянын, алманын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дагы сапаты боюнча декларация жазып, эл аралык талаптан өткөрсөк, дыйкандар убара болбой керектүү документ жасап алып, сыртка чыга беришсе болот.
Саткынбүбү Токталиева Ноокат райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунунда 1977-жылдан бери иштеп келет. Учурда алдын ала залалсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы. Ал азыркы аткарылып жаткан иштер жаш жетекчинин аракети экенин айтты.
«Буга чейин аз каржыланып келсек, акыркы күндөрү жакшы көңүл бурулуп, материалдык базабыз чыңдалып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көңүл бурулуп жатканына кубанычтабыз. Жетекчи өзүнүн далалаты менен жаңылыктарды киргизип жатат.
Андан сырткары мораторийдин негизинде ашкана, дүкөн, соода-сатык жайлары үч жылдан бери текшерилбей калган. Өкмөттүн токтомун чыгарып, Экономика министрлигинин түштүк аймак башкармалыгынан уруксат алдык. 2022-жылдан баштап текшерүүнү күчөтөбүз», - деди ал.