Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну Тахмина Кулубаева жер-жемиштерден гүл жасап, кошумча киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен өзүм Нарындан болом. Бишкекте чоңойдум. Ысык-Көлгө келин болуп келдим. Адистигим боюнча финансистмин. Учурда 5 балам бар. Өз кесибим менен иштей алган жокмун. Жер-жемиштерден гүл жасоо идеясы интернеттен алынды. Видеодон жасоо ыкмаларын көрүп, акыры жасап көрүүнү туура көрдүм. Жасаган иштерим тар чөйрөдө кардарларын тапты. Учурда буюртма бергендер көбөйө баштады», - деди ал.
Каарманыбыз жемиш гүлүнүн артыкчылыгын да айтып өттү.
«Кадимки гүл бир жумага жетпей соолуп, таштандыга айланат. Ал эми менин жер-жемиштерден жасаган гүлдөрүм маанайды көтөрүү менен бирге ден соолукка да пайдасын тийгизет. Анткени гүлдестенин курамына витаминге бай азык-түлүктөр кошулат.
Мен буюртмаларды 3-5 күн мурда алам. Каракол шаарында айрым жемиштер жок. Ушундан улам тийиштүү азыктар менен камсыз болуу үчүн Бишкектен алдырууга туура келет. Баарын даярдап алган соң, 1-2 саатта букетти жасап бүтөм. Жер-жемиштүү гүлүмдү 500 сомдон 5000 сомго чейин баалайм. 5000 сомдуктар себетке салынып жасалат.
Жаңы жыл жана 8-мартта көп буюртма болот. Айымдарга сүйүнүч тартуулай турган жумушумдан кошумча каражат табуу менен биргеликте эргүү алып, бардык көйгөйлөрдү унутуп, эс ала түшөм», - деп сөзүн жыйынтыктады Тахмина Кулубаева.