Turmush — Бакай-Ата районунун Ак-Дөбөдө айылынын 53 жаштагы тургуну Дамира Кенжеева акыркы 3 жылдан бери жолдошу экөө Америкада жашап жатышат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, жолдошу Исмаил Кенжеев экөөнүн баш кошконуна 35 жылдын жүзү болду.
«Таласта жеке дыйкан чарбабыз бар. Жолдошум мурун жер иштетип, айыл чарба техникасын айдачу. Азыр ал иштерди улуу балабыз улап жатат.
Кыргызстандан эң сагынган нерсем – бул неберелерим. Бул жакка келгенимде 3 неберем төрөлдү. Америкада кызым бар. Бул жакта анын балдарын карашып, турист катары жүрөбүз. Анын бул жакта жашаганына 9 жыл болуп калды. Бизге алгач 3 жыл мурун чакыруу берип, биринчи жолу келгенбиз. Андан кийин Кыргызстанга 2 жолу барып келдик.
Мурун Америкага келип калам деп ойлогон да эмесмин. Кийин кызыбыз келген соң келебиз деп кыялданып калчубуз. Кызым менен сүйлөшүп жаткан учурда бардык жерди көрсөтүп, бизге тааныштырып койгон. Кыялыбыз орундалды. Бул жакта кыргыздар да абдан көп. Алар менен да таанышып катташып турабыз. Бири-бирибиз менен байланышып чогулуп турабыз. Баарысы иштешет. Жумуш да көп. Убагында айлык акы беришет экен. Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Чикагодо семинар өткөрүштү. Анда катыша алган жокпуз,. Эми биз жашаган Нью-Йорк шаарында өтөт. Ага катышуу максатыбыз бар.
Америка менен Кыргызстандын ортосунда айырмачылыктар аябай көп. Эл тилди аябай жакшы билбей, бирок түшүндүрсөм жардам берүүгө аракеттенишет. Бул жакта дарыгерлери да аябай кичи пейил экен. Тилин түшүнбөй калган учурларда орус тилин билген кызматчыларын алып келип, алар түшүндүрүп берген учурлар көп болду. Көбүнчө кары адамдарга көп көңүл бурушат экен. Аларга ар бирине өзүнчө дарыгер бөлүп берип, дарыканаларга бара албаган адамдарга үйүнө барып дарылашат экен», - деди ал.
Жубайлар 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.
Маалыматты толугу менен окуу үчүн Turmush басылмасына катталуу керек.