Turmush — 32 жаштагы Улан Атабаев бир тууганы менен атасынан калган 300 койду улап, асыл тукум мал чарбага айландырышты. Москва районунун Кара-Суу өрөөнүндө жашаган бир туугандар менен аймактык кабарчы таанышты.
Улан Атабаевдин айтымында, чоӊ атасы дагы мал баккан.
«Биз иним Нурлан Атабаев экөөбүз атабыздан калган малды асылдандырып келе жатабыз. Чоӊ атам СССР мезгилинде чабан болуп, өмүр бою мал баккан. Ал эми атам гиссар койлорду баккан. Биз кичинекейибизден эле кой багып өскөнбүз. Атабыздан калган 300 тубар кой жана 4 кочкор бар болчу. Азыр деле саны ошондой, бирок сапаты мурункуга караганда жогору.
Ал эми бул "Арашан" породасына 2015-жылдан баштап өттүк. Ошондон бери койду асылдандыруу боюнча көп иштерди жасап баштадык. Ал кезде чоӊ кочкорлорду 1 жаш кезинде 50-90 миӊ сомдон алганбыз», - деди ал.
Жаш фермер чарбасындагы 6 айлык козуларын 30 миӊ сомдон сатат.
«Биздин чарбадагы мыкты кочкорлордун бою 95-98 сантиметрге чейин барат. Жайыл районунда өткөн көргөзмөдө бир кочкордун салмагы 184 кг болду. Кулактары 20-22 см. Аларды куутка коштук. Баалап сата элекпиз, "Тафгай", "Маэстро" деген кочкорлор. Дагы бир кара кочкор бар. Каймана аталашы "Флойд". Мунун энеси "Арашан" болсо, атасы Афган породасындагы кочкор. Аны кара түстөгү ургаачы койлорго кошконбуз. Ал эми тубар койлордун мыктыларынын бойлору 80 сантиметрден 90 сантиметрге чейин. Кулактары 17-20 см. Төрт жарым айлык кочкорду таразага салсак, тирүү салмагы 65 кг чыкты.
Баасы ар кандай, 6 айлык кочкорлорду 30 миӊ сомдон саттык. Чоң кочкордун 2 айлык козулары 19 миӊ сомдон сатылды. Баасын элге жеткиликтүү эле сурайбыз. Өтө кымбат айтпайбыз», - деди ал.
Улан Атабаев 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Учурда эки баланын атасы.
«Бишкекте төрөлүп-өсүп, кийин мектеп курагыбызда атамдын өсүп-чоӊойгон айылына, Москва районуна караштуу Төмөн-Суу айылына жакын Кара-Суу деген өрөөнгө келгенбиз. Чарбабыз ушул жерде жайгашкан. Атабыз болсо 2014-жылы бул дүйнөдөн өтүп кеткен.
Иним экөөбүз теӊ үй-бүлөлүүбүз, бирден уул, бирден кыздарыбыз бар. Билимибиз жогорку, КРдин президентинин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаганбыз. Инимдин кесиби юрист, меники банкир. Бирок экөөбүздүн теӊ негизги кесибибиз кой чарбасы болуп калды.
Буйруса асыл тукум мал чарбачылыгы деген сертификат алып, каттоодон өтүү боюнча планыбыз бар. Биз кой багытында чарба түптөдүк. Уй, жылкыга кызыкпайбыз. Анткени койду татыктуу караганга көп убактыбыз кетет. Башка малга убактыбыз жетпейт», - деди ал.