Turmush — Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 54 жаштагы тургуну Калыбек Алтыбаев күлүк аттарды таптап, ошол эле убакта мал доктурлук кесибин да аркалап келет. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.
Анын айтымында, учурда көк бөрү боюнча «Ынтымак» командасынын күлүктөрүн таптайт.
«Мен Талас районунун Каракол колхозунда малчынын үй-бүлөсүндө туулгам. Ал убакта Каракол колхозу деп айтылчу. Азыр Р.Айдаралиев (Көпүрө-Базар) айыл өкмөтү болуп аталып келет. Атам өмүр бою колхоздун малын багып, топоз, жылкы багып келген. Атам мал менен жүргөндүктөн бала кезимден эле малга болгон кызыгуум артып чоңойгом. Өзгөчө атка кызыгып, айылдагы күлүк аттарды минип, жарыштарга салып жүрчүмүн. Ошол убакта мектеп окуучусу болчумун. Кийин мектепти бүтүп, 2 жыл аскердик кызматымды өтөөгө жөнөдүм. Ал жактан келгенден кийин Таластагы ат майданда чабандес болуп иштеп калдым. 2 жыл иштегенден кийин саяпкерликке өттүм. Ошол эле ат майданда саяпкер болуп иштедим.
Кийин Бишкектин ат майданында, андан соң коңшу Казакстанда саяпкерликти аркалап 10 жыл иштедим. Көп жетишкендиктерге жетиштик. Унаа уттук, байгелүү белектерге ээ болуп келдик. Иштеп жүрүп Айыл чарба институтунун зоотехник бөлүмүн сырттан окуп бүтүрдүм. Бирок тилекке каршы колхоз, совхоздор жоюлуп кетип, зоотехник болуп иштей алган жокмун. Бирок саяпкерликти аркалап кеттим. Мындайча айтканда, 1989-жылдан бери саяпкерлик жумушум менен алектенип келе жатам.
6 жылдан бери Талас облусунун көк бөрү федерациясынын «Ынтымак» командасынын саяпкери болуп иштеп келе жатам. Бул жакта да ийгиликтер жаман эмес. Жакшы жетишкендиктерге жетип жатабыз», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар ат таптоонун сырлары менен бөлүштү.
«Азыр карамагымда 13 күлүк бар. Ар бир аттын кыял-жоругу бар. Бирөөсүнүн эти оор болсо, биринин эти жеңил. Бирөөсүнүн сөөгү оор, бирөөсүнүн сөөгү жеңил болот. Ошого жараша таптайбыз. Бирөөсү жемди көп жейт, бирөөсү чөптү көп жейт дегендей. Ар бир аттын табитине, маанайына карап жумуш кылабыз. Бардыгына бирдей жем, бирдей чөп бере берген болбойт. Ар бир аттын табитине, салмагына жараша, этине жараша кылабыз. Эти оор аттарды көп бастырып, тердеттиребиз. Эти жеңилдерди көп кыйнабайбыз. Убагы менен бастырып, ченеми менен сугарып туруу керек.
Өзүм мал докторлук боюнча да алектенип жүрөм. Ооруп калган, аксап калган аттар болот. Чөп, жем жебей калышат. Ошолорго ийне сайып, витаминдерди берип турам. Күнүнө эртең менен аттардын баарын текшерүүдөн өткөрөм. Кайсыл ат кандай, эмне болуп жатат деп карап чыгам. Андан кийин ошого карата иштеп баштайм.
Аттарды суутуп жаткан кезде сабиз, алма, витаминдерди беребиз. Аттар негизи сабизди жакшы жешет. Сууту да өзүнчө бир илим. Атка сүңгүп кирмейинче эч нерсе айтууга, эч нерсе кылууга болбойт. Ошол атка сүңгүп кирип, терең түшүнгөндөн кийин суутса болот. Жөн эле чапкылап, тери алып суута берген болбойт. Ар бир аттын өзүнүн этине, сөөгүнө, маанайына, жегенине карап суутуш керек.
Карамагымдагы 13 аттын баарын карап, көзөмөлүмдөн өткөрүп, табына келтирип, ооруп калгандарын дарылап турам. Өтө ооруп калгандарын чыгарбай карап, жылуу жерге кармап, астын калыңдап, үстүн жылуулап дарылайм. Ар бир жумуштун түйшүгү болот. Мунун аркасында көп жетишкендиктерге жетишип келе жатабыз.
Быйылкы Нооруз майрамында 1-орунду алдык. Президенттин кубогунда чемпион болдук. Чүй облусунда облустар арасындагы оюндан 3-орунга ээ болдук. Жаман болгон жок, көп-көп ийгиликтерге жетишип келе жатабыз», - деди ал.