Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Нариман айылынын 37 жаштагы тургуну Данияр Маманазаров дыйканчылык менен алектенип келет. Быйыл жазында баасы 100 сомго чыккан сабиздин учурдагы баасы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.
Анын айтымында, быйыл суу тартыштыгынан улам кыйынчылыктарга карабай, күзгү түшүмү мол болду.
«Күз айында багбан менен дыйкандын бетине кан жүгүрүп, жазда кылган мээнетинин түшүмүн көрүп турган убагы. Азыр эми күз күрөш дегендей баары талаада иштеп, жыйноо жумуштарын аткарып жаткан учуру. Ошолордун катарында мына биз да сабиз казып жатабыз. Быйылкы түшүм былтыркыга салыштырмалуу жакшы болду. 15 сотых жеримден 5-6 тонна түшүм алууну пландап жатам. Негизи быйыл суу тартыш болуп, күнү-түнү суунун артында жүрүп, сабиздерге суу коюп, ушунча түшүм алдым. Бул эле көйгөй эмес, жер семирткичтердин баасы да эки эсе кымбаттап кетти. Жайы менен чөп басып кетпөөсү үчүн эки жолу чөптөрүн жулуп, отоп, сугарып, акырында жер жумшаганда казып алабыз.
Шартка же базар баасына карап сатабыз. Сатылбаса жер астындагы орого көмөбүз. Ал жерде 3 ай сактап, базарга баасына карап сатып жиберебиз. Сабизди көп сактаган кооптуу. Анткени бир даана сабиз чирип кете турган болсо жанындагы сабиздерди да чиритип салат. Башка дан эгиндерине караганда сабиздин түшүмү көп болгондуктан айылдагы дыйкандардын көпчүлүгү сабиз эгет. Быйыл сабиз 100 сомго чейин чыкты. Мындан улам сабиз эккендердин саны көбөйүп, кайра сабиздин баасы 20 сомго түштү. Негизи 15 сотых жерге сабиз уругу жана жер семирткичке, аны айдатканга жалпы 20 миң сомдой чыгым кеткен. Кантсе да дыйкандардын мээнети акталат. 2-3 айдан кийин сабиздин баасы дагы кымбаттайт. Себеби коңушу Тажикстандын чек арасы жабык эмеспи», - деди ал.
Дыйкандын айтымында, учурда базарда дүң баада 1 килограмм сабиз 15-18 сомдон сатылууда. Килограммдап саткан соодагерлер 20-25 сомдон сатып жатат.