Turmush — Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округунан талапкер Мелис Турганбаев Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас жаңы конуштарынын тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү эл талапкерди кол чабуулар менен тосуп алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мелис Турганбаев алдына койгон максаты жана шайлоо алдындагы программасы тууралуу кеңири айтып берди.
«Мен 40 жылга жакын укук коргоо тармагында иштеп, артымдан ар кандай жаман сөздөрдү ээрчиткен жокмун. Бул жылдар аралыгында өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга жана милиция менен элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө аракет кылдым. Эми коомго жаңы багытта кызмат кылуу максатында парламенттин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам. Менин максатым — өлкөнүн өнүгүшүнө жана элдин жашоо-турмушун жакшыртууга салым кошуу», - деди Турганбаев.
Анын айтымында, ал Жогорку Кеңешке депутат болуп барса, ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурат.
«Биз үчүн ар бир жарандын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Мен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында иштеп турган кезде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көп пилоттук долбоорлорду ишке киргизгенбиз. Мисалы, эл көп чогулган аймактарга участкалык милициянын пункттарын ачканбыз. Аны менен бирге окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жаш өспүрүмдөр менен иштей турган инспекторлорго ар бир мектептен атайын кабинет алып берип, балдар менен иштөө үчүн шарттарды түзүп бергенбиз. Анын натыйжасында окуучулардын арасында кылмыштуулуктун саны бир топ кыскарган. Ошондой эле биз биринчилерден болуп "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында көчөлөргө жана подъездин кире бериш жерлерине видео байкоочу камераларды орнотуп баштаганбыз. Бүгүн мына ушундай системаларды дагы өнүктүрүүбүз зарыл», - деди Турганбаев.
Ошондой эле ал өлкөдө туруктуулук, тартип орносо жана ар бир жаран өзүн коопсуз сезсе, өлкөгө инвесторлор жана туристтер келип баштарын айтып, анын натыйжасында өлкө экономикасы өнүгө баштарын белгиледи.
Иш-чара учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө талапкердин программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду. Талапкер аталган конуштардын тургундарына кайрылып, шайлоодо куру убадаларга алданбай, добуштарын сатпай, чын жүрөктөн туура тандоо жасоого чакырды.
«Урматтуу шайлоочулар, эгер мага ишеним артып, добушуңуздарды берсеңиздер сиздердин үмүттү актайм деп ишенимдүү түрдө айта алам. Жогорку Кеңеште сиздердин үнүңүздөрдү бийликке жеткизип, сиздердин кызыкчылыкты коргоого даярмын», - деп сөзүн жыйынтыктады Турганбаев.
Жолугушуунун соңунда шаар тургундары парламентке Мелис Турганбаевдай кесипкөй, билимдүү жана эл арасынан суурулуп чыккан лидерлердин келишин каалай турушкандыгын жашырышкан жок. Ошондой эле шайлоочулар талапкердин программасын жактырып, чын ниеттери менен аны колдой тургандыктарын айтышып, ак бата менен узатышты.
Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Мелис Турганбаев шайлоо бюллетенинде 5-номур менен катышууда.
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы; дареги: Бишкек ш., Москва көчөсү №189
Буюртмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.
Нускасы: 1
Даярдалды: 2021-жылдын 8-ноябры
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.