Turmush — Бүгүн, 29-октябрда «Альянс» саясий партиясынын үгүт кербени Ош облусунда уланды.
Партиянын тең төрагасы Жанар Акаев өзү туулуп өскөн Алай районунун Кабылан-Көл айылында тарапташтары менен жолукту. Талапкер «Альянс» партиясынын программасы менен тааныштырып, анын курамы накта кесипкөй адистерден куралганын белгиледи. Жолугушууга катышкандардын көпчүлүгү Жанар Акаевдин буга чейинки ишмердүүлүгүнө ыраазы экендигин билдиришип, «Альянс» партиясын бир добуштан колдой турганын айтышты.
«Кыргызстандагы бийликчил партиялардын массалык добуш сатып алуусу, административдик ресурсту ашкере колдонуусуна каршы туруунун бирден бир жолу – адилеттүү, прогрессивдүү күчтөрдүн биригүүсү. Биз муну жасай алдык! Жеке амбицияларды таштап, калың элдин колдоосу бар ири партиялардын лидерлери, саясатчылар, жигердүү жаштар “Альянс” партиясын түптөп, жарышка чыктык. Тажрыйба менен жаштык жигерди айкалыштырган, накта эл өкүлү деген макамга татыктуу команда жыйнай алганыбыз – жеңишке карай жетелей турчу алгачкы ийгилигибиз», - деди Жанар Акаев.
«Альянс» саясий партиясынан талапкер Алтынбек Сулайманов үгүт иштерин кичи мекени Ноокаттан баштап, бүгүнкү күн ал үчүн кубанычтуу экенин жашырган жок.
«Кудай колдоп партиябыз парламентке келсе, айыл өкмөттөрдү жана шаар мэрлерин эл шайлай тургандай мыйзам долбоорун демилгелейбиз. Эл өз жетекчисин өзү шайлашы керек. Биз дайыма айткандарыбызды аткарып келебиз. Буга чейин парламент трибунасынан сиздерди жер караткан жокмун. Кошомат кылып, бирөөнү ээрчип кеткен жокмун. Эл макулга мен макул», - деди Сулайманов.
Партиянын башка талапкерлери Акыл Мамыров, Азамат Ажимаматов, Исираилов Азамат, Фарход Алимжанов, Дүйшөн Төрөкулов түштүк аймактагы жердештери менен жолугушуу өткөрүштү.
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы
Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы
Нускасы: 1
Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 29-октябры
«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).