Turmush — Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Талас облусунда салык жана башка кирешелер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге өсүп, рекорддук көрсөткүчкө, тагыраак айтканда 2 млрд 120 млн сомго жетти. Райондун кирешесинин өсүшүнө Жерүй кенинин ишке кирүүсү себеп болду. Учурда облустун кирешесинин дээрлик үчтөн экиси кенди иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧКнын эсебинен түшүүдө. Ошентип, дайыма дотацияда турган Талас облусу салык жана башка төлөмдөр боюнча республикада акыркы орундан 6-орунга көтөрүлдү.
Жерүйдүн туруктуу ишмердигинен келечекте республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге жыл сайын 4 млрд сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшүп турмакчы. Мындай көрсөткүчтөр менен Талас облусу Кыргызстандын кирешелүү аймактарынын тизмесинде 4-орунга чыгышы керек.
Талас облусундагы төлөмдөрдүн өсүшү
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жерүй кенинин ишке кириши облустун айыл округдарынын бюджетинен тартып республикалык бюджетке чейинки мамлекеттик кирешелердин өсүшүнө таасирин тийгизди.
2021-жылдын биринчи үч кварталында эле (январь-сентябрь) Талас облусунун салык жана башка кирешелеринин жалпы көлөмү 2 млрд 120 млн сомго жетти. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу киреше 2020-жылдагы 860 млн сомдон дароо 2,5 эсеге көбөйгөн.
Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2020-жыл эмес, коронавируска чейинки 2019-жылды алалы. Анда Талас облусунда салыктык жана башка кирешелер 3,3 эсеге көбөйгөн болчу. 2019-жылы облус боюнча төлөмдөр 664 млн сомду гана түзгөн.
Кирешенин эң чоң көлөмү республикалык бюджетке которулган каражаттарга туура келет. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ал 1 млрд 574 млн сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 4 эсеге, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 7 эсеге көп. Үстүбүздөгү жылдын үч кварталында ал 436 млн сомду түздү. Бул 2019-2020-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 эсеге көп.
Талас эми акыркы орунда эмес
2019-2020-жылдары Талас облусу салык жана башка төлөмдөр боюнча Кыргызстандын аймактарынын арасында дээрлик акыркы орунда турган. Айтсак, быйыл кырдаал кескин өзгөрдү. Тогуз айдын ичинде Талас району жыйымдар боюнча Нарын жана Баткен облустарын, ошондой эле республиканын ири экономикалык райондорунун бири болгон Ысык-Көл облусун ашып өттү.
Азыр облустун жергиликтүү бюджеттерге да, республикалык бюджетке да чогултулган кирешелери жалпы Ош шаарынын деңгээлине жакындады. Ошол эле учурда жыл аягына чейин Жерүй туруктуу иштесе, Талас облусу кирешеси боюнча түштүк борборду ашып өтүп, Кыргызстандын бештигиндеги кирешелүү аймактарына кире алат.
Талас облусу дээрлик дайыма дотацияда болуп келгенин жана анын көптөгөн чыгашалары республикалык бюджеттен жабылганын эске алсак, бул көрсөткүч облус үчүн чоң жетишкендик десек болот.
Кирешелердин өсүшүнө Жерүй себепкер
Кирешесинин өсүшү боюнча Талас районунун мындай эбегейсиз ийгилиги Жерүй алтын кенинин үстүбүздөгү жылдын апрель айында ишке кириши менен байланыштуу. Бул түздөн-түз аймактар боюнча түшкөн салыктардын жана башка төлөмдөрдүн бөлүнүшүнөн көрүнүп турат. Январь-сентябрь айларында облуска түшкөн 2 млрд 120 млн сомдун дээрлик үчтөн эки бөлүгүн Жерүй кенинен түшкөн ар кандай төлөмдөр түзөт.
Талас облусуна 801 млн сом алып келген эң чоң киреше булагы — бул алтын өндүрүүчү ишканалардын кирешесинен түшкөн салык болгон. Бул салыкты облуста алтын казуучу «Альянс Алтын» ишканасы төлөйт.
Баалуу металлдарды иштетүүдөн, тагыраак айтканда Жерүйдүн төлөмдөрү облустун экинчи киреше булагы болуп калды. Бул 329 млн сомду түздү.
Салыктык жана башка төлөмдөрдүн бардык беренелеринин ичинен 4-орунда 132 млн сом өлчөмүндө жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган каражаттар турат. Айта кетсек, бул төлөмдөрдү дагы «Альянс Алтын» компаниясы төлөп келет.
Жерүйдөн башка көптөгөн төлөмдөр салык жана башка кирешелердин тизмесине кирген. «Альянс Алтын» кен иштетүүчү компания төлөгөн салыктардын толук эмес тизмеси:
*алтын казуучу компаниялардын кирешесинен алынган салык;
*алтынды сатуудан түшкөн роялти үчүн төлөм;
*жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн чегерүү;
*Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү;
*киреше салыгы;
*геологиялык лицензиялар үчүн төлөмдөр;
* машиналарды жана жабдууларды импорттоого салыктар жана алымдар;
*жер салыгы.
Өлкөнүн жана элдин кирешесинин өсүшү
Жогоруда айтылгандай, Жерүй туруктуу иштесе, келечекте республикалык жана жергиликтүү бюджеттер менен фонддорго жыл сайын 4 млрд сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшүп турат. Мунун аркасында Талас облусу Кыргызстандын кирешелүү аймактарынын тизмесинде Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан кийинки 4-орунга ээ болушу керек.
Салыктык жана башка кирешелердин өсүшү боюнча бул көрсөткүчтөр өлкөнүн жыргалчылыгынын жалпы өсүшүнө гана тиешелүү эмес экенин белгилей кетүү керек. Өндүрүштүн өнүгүшү жана каражаттардын, компаниянын кызматкерлери, подряддык уюмдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү жана башка көптөгөн компаниялардын жана кенди иштетүү менен байланышкан адамдардын кирешесине түздөн-түз таасирин тийгизет.
Жерүй кени жумушчулардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. Анткени кендеги минималдуу эмгек акы 35 миң сомду түзөт. Бул минималдуу эмгек акынын көлөмү облус боюнча быйылкы жылдын тогуз айында 17,6 миң сомду түзгөн орточо айлык акыдан жогору.