Turmush — Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында шалы жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Быйыл мурунку жылдарга караганда жыйноо иштери кечигүүдө. Анткени буга чейин жалданып иштегендердин көпчүлүгү тажик жарандары болгон. Жыйноо иштерине адам жетишпей, дыйкандардын мээнети акталбай жатканын жергиликтүү тургун Мээримбек Ахуналиев билдирди.
Анын айтымында, айыл аймакта жыл сайын 3000 гектардай жерге күрүчтүн онго жакын түрү өстүрүлөт. Айылдыктардын ар биринде орточо алганда 50 сотыхтан 3 гектарга чейин күрүч аянттары бар. Быйыл дыйкандардын мээнети акталбай жатат. Анткени күрүч шалысын оруп жыйноого адам жетишпей, жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү комбайнга иши түштү. Ал дагы кезек күтүү менен гана дыйкандарга жетет.
«Күрүчтү эгип, сатыкка чыга турган кылып даярдоого дыйкандын тоодой мээнети кетет. Быйыл күрүчтүн баасы базарда арзан болууда. Анткени Тажикстанга биздин күрүчтөрдүн 70 пайызы сатылчу. Эми ички базарда 60 сомдон башталып, 110 сомго чейин сатылууда. Бирок сатыкка даяр кылганга чейин жер айдаганга тракторго акча төлөнөт, эккенде эптеп дыйкандар өзү эксе, түнү менен уктабай, суу талашып сугарат. Андан кийин жер семирткич, чөп чыгып кетпеши үчүн чөпкө каршы дары себилет. Андан кийин дагы 1-2 жолу жер семиркич себилип, сугарылат. Оруп-жыйноого адамдарды иштетесиң же комбайн жалдайсың. Ага да бир кыйла акча коротулат. Быйыл жер семирткич да жылдагыга караганда 2 эсе кымбат сатылды. Күйүүчү майдын да баасы кымбаттады. Чыгым көп, киреше аз болууда», - деди Мээримбек Ахуналиев.
Мээримбек Ахуналиев күрүчтү жыйноо август айынын аягында башталып, октябрь айында бүтө турганын айтат.
«Биздин айылда негизги киреше — күрүч жана мал чарбасы. Жакшы каралса, 1 гектадан 3-4 тонна күрүч алса болот. Күрүч эгүүнү апрель айынын аягында май айынын башында баштап, октябрдын ортолорунда жыйнап алабыз. Күрүчтү асфальт жолдорго жаябыз. Жолго жайылган шалы кеминде 4 күн аралыгында кургап калат. Эгер ал таза кургабаса сынып кетет. Ошондуктан жакшы кургатуу шарт. Шалы жыйноо учурунда жыл сайын кошуна Тажикстандан күнүнө 300дөн ашуун жумушчу келип иштечү. Айыл өкмөткө шалы ооручу 20дай комбайн алынып келинген. Чек ара чырынан соң Тажикстандан жумушчулар да чыкпай калды. Биз былтыр атайын адамдарды жалдап, күнүнө 300-500 сомго чейин акы төлөп, 2 маал тамагын берип иштетчүбүз. Азыр атайын техникалар шалыны ооруп-жыйнап, данын чыгарып бергени үчүн гектарына 20 миң сомдон акы алат. Буга чейин күнүнө 5 тоннадай күрүч Тажикстанга кирчү. Азыр ал жакка кирбей, өзүбүздүн Кыргызстанда гана сатылып жатат», - деди Мээримбек Ахуналиев.
Былтыркыга салыштырмалуу быйыл Кадамжай районунда күрүч өстүргөн дыйкандар көп экенин Кадамжай районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Муратжон Икрамов билдирди.
«Быйыл 3 миң 100 гектар жер аянтына күрүч эгилди. Былтыр 2 миң 735 гектарга эгилген. Былтыркыга салыштырмалуу 350 гектарга көп. 1 гектарына орточо эсеп менен 38 центнерден түшүм алынды. Жалпы 11 миң 120 тонна күрүч жыйналды. Былтыркыга салыштырмалуу 1 миң 300 тоннага көп болду. Ички базарда орточо 80 сомдон башталып, 150 сомго чейин сатылууда. Тажикстандын чек арасы жабылганына байланыштуу күрүчтүн баасы арзандап бара жатат. Анткени күрүч Тажикстанга сатылчу. Азыр эми Өзбекстанда күрүчкө талап жок. Анткени алар өздөрү да күрүч өстүрүшөт. Казакстанга жөнөтүү мүмкүн. Бирок Орусия анча күрүчтү ала бербейт. Негизинен элдеги биринчи көйгөй күрүчтү жыйноодо аны кургатып алуу болуп жатат. Анын да жолдорун издеп жатабыз», - деди Муратжон Икрамов.
Тактама:
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.