Turmush — Ар жылы 15-октябрда Дүйнөлүк таза колдор күнү белгиленип келет. Бул күнгө карата Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашып, Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» (ПУРСВС) долбоору ар кандай иш-чараларды уюштурууда.
Быйыл иш-чаралар Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарындагы 16 пилоттук мектептерде уюштурулат. Алардын бири — Жети-Өгүз айылындагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинде 13-октябрда «Таза колдор» акциясы өткөрүлдү.
Аталган мектептин директору Айнагүл Кадыркулованын айтымында, бул күнгө карата мектепте «Таза колдор» жумалыгы жарыяланган.
«Биздин мектептеги 1-11-класстардын окуучулары өздүк тазалыкты сактоо, эң оболу колду кантип таза жууш керек деген темада изденип, ар кыл дубал гезиттерин даярдап, дилбаян жазышты. Белгилеп кетсем, АРИСтин ПУРСВС долбоорунун алкагында 5 мугалим гигиена жана санитария боюнча окутууларга катышып келгенбиз. Андан соң жалпы мугалимдер окутулуп, окуучуларга класстык сааттар өтүлүп, өздүк тазалыкты сактоо багытында кеңири маалыматтар берилди. «Таза колдор» акциясына катышкан окуучулар үйдө жана мектепте тазалыкты кантип сактоо керектигин терең түшүндү. Анткени мугалимдер интерактивдүү ыкма менен окуучуларга жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп беришти», - деди директор.
«Таза колдор» акциясына Жети-Өгүздөгү мектеп окуучулары активдүү катышып, тазалык, таза сууну колдонуу боюнча макет да жасап келишти. Андан сырткары дубал беттерине сүрөттөрдү илип, таза сууну үнөмдөө, колду таза кармоо боюнча өз ойлоп табуучулугу менен флешмоб уюштурушкан. Сынактын соңунда алдыңкы окуучулар аныкталып, алардын эмгектери бааланып, белектер берилди.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмүнүн адистеринин маалыматына ылайык, 2021-жылы ооруканага ичеги-карын оорулары менен 1426 бейтап кайрылган. Анын 80%ы — жаш балдар, 20%ы — чоңдор.
Мектептеги суу, санитария жана гигиена тууралуу сөз кылсак, бул – өлкөдөгү көйгөйлүү маселелердин бири. Өзгөчө айыл жергесинде санитария жана гигиена көйгөйү курч. Анын үстүнө, учурдагы пандемияга байланыштуу тазалыкты сактоо маселеси өзгөчө актуалдуу болууда.
Айыл тургуну Дамира Акматова айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү. Ал элеттиктерге тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Д.Акматова айылда СССР маалында тартылган суу системасынын эскилиги жетип, учурда бул чоң көйгөй экенин, суунун тартыштыгы тазалыкты сактоого да кедергисин тийгизип жатканын айтат.
«Бизде суу тартыш болуп, аны ойдогудай кенен колдоно албай жатабыз. Бул, албетте санитария жана гигиена маселесине терс таасирин тийгизүүдө. ПУРСВС долбоору 4 миңден ашуун адам жашаган Жети-Өгүз айылын таза суу менен камсыз кылат деп күтүп жатабыз. Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун ишке кириши биз үчүн чоң жетишкендик, анткени элибиз таза суу ичүүнү көптөн бери эңсеп келишкен. Балдарыбыз мектепте да санитария, гигиенаны сактоону жакшы өздөштүрүп алышты. Биз долбоорду ишке ашырган инсандардын баарына ыраазыбыз», - деди Д.Акматова.
ПУРСВС долбоору КР Министрлер кабинети жана Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик жана Жети-Өгүз айылдарында ишке кирип жатат. Долбоор айыл элин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, санитарияны өнүктүрүү, институционалдык чыңдоо жаатында иш жүргүзөт.
Санитарияны өнүктүрүү бөлүгүнүн алкагында, пилоттук айылдарда санитарияны өнүктүрүү, социалдык мекемелердеги санитардык курулмаларды модернизациялоо иштери жүрөт. Бул компоненттин максаты — элде санитария жана гигиена маселесинде мурдатан калыптанып калган адаттарды жакшы жакка буруу.
Мисалы, мектептерде ички, тышкы дааратканаларды, кол жуучу жайларды куруу же оңдоп-түзөө. Жөн гана заманбап даараткана куруп бербестен, кыздар үчүн ылайыкталган атайын бөлмөлөр да болот. Мугалимдерге «Мектептеги суу, санитария жана гигиена» темасында тренингдер жүрөт. Балдар тарабынан санитария жана гигиенаны сактоо тууралуу маалымат, билим берүү иштери жүргүзүлөт.