Turmush — Ош шаарындагы «Ош-Тазалык» ишканасы таштанды ташып, чыгаруу кызматы үчүн жер үйдөгү жашоочулардын ар биринен 30 сомдон, ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынан 25 сомдон акы алат.
Ишкананын маалыматы боюнча, бирок айрым жашоочулар бул акыны өз убагында бербей, карыздардын суммасы өсүп кетет. Мындан улам ишкана карыздарын убагында төлөбөгөн тургундардын тизмесин жарыялады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.