Turmush — Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 30 жаштагы тургуну Азамат Темирбеков арашан тукумундагы койлорду багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2008-жылы Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынан эркин күрөш боюнча адис болуп чыккан. Ошол эле жылы Кыргыз улуттук университетинин бизнес башкаруу бөлүмүн аяктаган.
«Кесибим боюнча иштеген жокмун. Айылда болгондуктан мал чарбасын өнүктүрүп, ушул багытта ишкерлик кылса болот деп аракет кылгам. Болот деген тайкем бар. Ал белгилүү саяпкер. Бардык жерге барса сыйлуу. Андан баары кеңеш алышчу. Таякем кылган иш мага жакчу. Аны көрүп эле 2010-жылы чарба койлорду алгам. Аларды багып, улам базарга алып чыгып жатып, таза кандуу койлорго кызыгып калдым. Алгач таза кандуу кочкорду Бишкек шаарынан алып келгем. Анан өз ара айылда жакшы таза кандуу койлордон алып, малым сорттолду. Койду негизи нөлдөн баштап, иргеген кыйын болот. Ушунча убакыт жана мээнет керектелет. Бирок үзүрүн көрөсүң. Жөнөкөй 50 кой бакканча, таза кандуу койдон 20 баш баксаң акчасы 2-3 эсе көп, жумушу эки эсе аз болот да.
Буларды багыш үчүн кызыгуу болушу керек. Мен таза кандуу койдун санын 100дөн ашырбайм дегем. Бул жакшы, сапаттуу багуу үчүн жана дагы жакшыртуу үчүн. Мал болгондон кийин күндө ар кандай учурлар болуп турат.
Бир жолу сарайга барсам, баккан киши койлорду жылуу жерге киргизип коюптур. Мен болсо «ысыкта сыртка эле чыгарып коёлу» деп сырткы тосмого чыгартып койгом. Ал жакшы эле эскертип, карышкыр жүргөнүн айткан. «Эч нерсе болбойт» деп түндө сыртка калтырып, уктап калдык. Таңга маал чыксак эле тосмодо бир дагы кой жок. Көрсө, түндө карышкыр кол салып, койдун баарын кубалап, ар жерге сүйрөп, жарып, бир короо койду кырып кеткен экен. Өзүм сыртка коёлу деген соң тескерисинче чабаным мага таарынган. Ушундай да кырдаалдар болот.
Бир жылда болжолу менен 800 миң сомдон ашык киреше болот. Бирок улам таза кандуу малга жаңыртып отуруп так саны чыкпайт. Азыр жакшы корообуздагы малдын баасы 50 миң сомго чейин сатылып жатат. Бул дагы чоң мээнеттин аркасынан деп ойлойм», - деди ал.
Малчы жигит үй-бүлөдө 5 бир тууган. Үйлөнө элек.