Turmush — Кара-Көл шаарынын айрым аймагында калдыктарды иргеп таштоочу урналар орнотула баштады. Бул тууралуу шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн адиси Кызжибек Өмүржанова билдирди.
Маалым болгондой, урналар желим, кагаз, айнек жана сорттолбогон таштандыларды бөлүп таштоо үчүн ылайыкташтырылган. Сорттолгон таштандыны кайра иштетүү пландалган.
Ошондой эле алдыда шаардагы мектептердин имараттарына дагы ушундай урналарды орнотуу пландалууда.